Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 20-июну № 62
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 21-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Депутаттык ыйгарым укуктарды ошондой эле тиешелүү айылдык аймактын же шаардын калкына республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик же муниципалдык ишкананын жетекчисинин кызмат орду менен айкалыштырууга болбойт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 23-июнундагы № 48 (3120) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |