Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 12-августу № 122
Таза аба маселеси жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2020-жылдын 25-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 2552-берене менен толукталсын:
"2552-берене. Кыргыз Республикасынын ишканаларында өндүрүлгөн, электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаттарынын беримдери
Кыргыз Республикасынын ишканаларында өндүрүлгөн, электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаттарынын беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.";
2) 257-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 151 жана 152-пункттары менен толукталсын:
"151) ЕАЭБ ТЭИ ТН 870380 товардык позициясында классификацияланган электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаттары;
152) ЕАЭБ ТЭИ ТН 8504 40 30, 8504 40 55, 8504 40 90 товардык позицияларында классификацияланган электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаттарын электр менен заряддоо үчүн жабдуулар;";
3) 259-берененин 6-бөлүгүндөгү "200000" деген цифралар "500000" деген цифраларга алмаштырылсын;
4) 285-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда "2709, 2710" деген цифралар "2707, 2709, 2710, 3811" деген цифраларга алмаштырылсын;
5) 287-берененин 1-бөлүгүндө:
а) таблицадагы жыйырма биринчи - жыйырма алтынчы саптар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
жогорку температурадагы таш көмүр чайырын чыгаруудан чыккан май жана башка өнүмдөр; жыпар жыттуу курамдык бөлүктөрдүн салмагы жыпар жыттуу эмес курамдык бөлүктөрдүн салмагынан жогору болгон ушуга окшош өнүмдөр: отун катары пайдалануу үчүн бензол | 2707 10 100 0 | тонна | 5000 сом |
жаратылыш газ конденсаты: тыгыздыгы 20 ºС 650 кг/м3 кем эмес, бирок 850 кг/м3 көп эмес жана салмагы 1,0%дан көп эмес күкүрттү камтыган туруктуу газ конденсаты, башкалар | 2709 00 100 1; 2709 00 100 9 | тонна | 5000 сом |
чийки мунай жана битумдуу материалдардан алынган чийки мунай заттары | 2709 00 900 1- 2709 00 900 9 | тонна | 0 сом |
мотор бензиндери, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер жана дистилляттар | 2710 12 110 0- 2710 12 900 9; 2710 19 110 0- 2710 19 150 0; 271019 250 0; 2710 19 290 0 | тонна | 10000 сом |
башка мунай заттары (биоотун, экологиялык отун, жеңил дистилляттардын аралашмасы) | 2710 20 900 0 | тонна | 5000 сом |
реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отун | 2710 19 210 0 | тонна | 2000 сом |
;
б) таблица төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи - отуз биринчи саптар менен толукталсын:
"
дизелдик отун, газойлдор, оор дистилляттар | 2710 19 310 0- 2710 19 480 0; 2710 20 110 0- 2710 20 190 0 | тонна | 2000 сом |
мазут | 2710 19 510 0- 2710 19 680 9; 2710 20 310 1- 2710 20 390 9 | тонна | 2000 сом |
майлоочу майлар; башка майлар | 2710 19 7100- 2710 19 980 0 | тонна | 2000 сом |
мунай заттар сыяктуу эле максаттарда колдонулуучу коргошундун кошулмаларынын негизиндеги башка антидетонаторлор | 3811 11 900 0; 3811 19 000 0 | тонна | 5000 сом |
битумдук породалардан алынган мунайды же мунай заттарын камтыган майлоочу майларга кошундулар | 3811 21 000 0 | тонна | 5000 сом |
";
6) 330-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирүүчү транспорт каражаттары.".
2-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
"Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2013-ж., № 7, 911-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-берене төмөнкүдөй мазмундагы элүү алтынчы абзац менен толукталсын:
"электромобиль - ички күйүүчү кыймылдаткычысыз, электр энергиянын булагынан (аккумуляторлор, отун элементтери, конденсаторлор жана д.у.с.) көз карандысыз кубат алуу менен бир же бир нече электр кыймылдаткычтары менен кыймылга келтирилүүчү автомобиль.".
4-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
16-статьянын 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Диагностикалык борборлор транспорт каражаттарын техникалык кароону Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана техникалык регламенттерде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жүргүзөт. Диагностикалык борборлор тарабынан берилген оң корутундулар транспорт каражаты бардык талаптарга жооп берээрин, чектөөлөрү жок экендигин, абаны булгабаганын жана эксплуатациялоого толук даяр экендигин ырастоого тийиш.".
5-берене.
Ушул Мыйзамдын 1-беренесин кошпогондо, Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 18-августундагы № 65(3137) жарыяланды
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аны күчүнө кирүүсүнүн башка тартиби белгиленбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренеси ал расмий жарыялангандан кийин 2 айдан эрте эмес, кийинки салыктык мезгилдин биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 12-августу № 122
Таза аба маселеси жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
2020-жылдын 25-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)