Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 1-августу № 108
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2020-жылдын 18-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 31-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) майнингге салык.";
2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 61-глава менен толукталсын:
"61-глава. Майнингге салык
396-берене. Ушул главада пайдаланылуучу түшүнүктөр жана терминдер
Ушул главада төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
1) "Виртуалдуу актив" - жарандык укуктардын объекти катары электрондук (санариптик) формада түзүлгөн, сакталган жана жүгүртүлгөн жана белгиленген тартипте эмиссияланган акча каражаты (валюта), баалуу кагаз же электрондук акча болуп саналбаган нарктын санариптик мааниси.
2) "Майнинг" - үзгүлтүксүз электр менен жабдууну камсыз кылууну талап кылган, пайдалануучулардын ортосунда жасалган операциялар жөнүндө маалыматты бөлүнгөн реестрге (мурдатан аныкталган эрежелерге жана принциптерге ылайык) киргизүү аркылуу транзакциялардын блокторунун реестринин (блокчейнинин) иштөөсүн камсыз кылуучу эсептөө операцияларын программалык-техникалык каражаттарынын жардамы менен жүзөгө ашыруу боюнча иш. Майнинг бөлүнгөн реестрде операциялардын жасалышын ырастоо үчүн сыйакы катары майнингди жүзөгө ашырган жактын ээлигине келип түшкөн виртуалдык активди түзүү менен коштолуусу мүмкүн.
397-берене. Жалпы жоболор
1. Майнингге салык ушул главага ылайык салык салынууга жаткан ишке карата төмөнкүлөрдүн ордуна ушул салыкты төлөө милдетин карайт:
1) пайдага салык;
2) салык салынуучу беримдерге КНС;
3) сатуудан салык.
2. Майнингге салык төлөөчү уюмдар жана жеке ишкерлер (мындан ары ушул главада - салык төлөөчүлөр) ушул Кодекске ылайык ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн салыктарды төлөөгө милдеттүү.
3. Салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген учурларда салык агенттеринин милдеттеринен бошотулбайт.
4. Иштин башка түрлөрү менен алектенген салык төлөөчүлөр ушул Кодексте белгиленген тартипте иштин ошол түрлөрү боюнча өзүнчө эсеп жүргүзүүгө, отчет берүүгө жана салык төлөөгө милдеттүү. Мында майнинг боюнча кеткен чыгымдар иштин башка түрлөрү боюнча жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууга кирбейт.
5. Салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча ушул майнингге салыкты төлөөчү катары салык органына арыз берүүгө милдеттүү.
398-берене. Салык салынуучу объект
Майнингге салык салынуучу объект болуп майнинг саналат.
399-берене. Салык базасы
Майнингге салык салуу базасы болуп КНСти жана сатуудан алынуучу салыкты кошо алганда, майнингде керектелген электр энергиясы үчүн эсептелген суммалар саналат.
400-берене. Салык ставкасы
Салыктын ставкасы 15 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
401-берене. Салык мезгили
Майнингге салык үчүн салык мезгили болуп бир календардык ай саналат.
402-берене. Салыкты эсептөө тартиби
Салык төлөөчү ушул Кодекстин 37-беренесинде белгиленген тартипке ылайык салыкты өз алдынча эсептейт.
403-берене. Салык отчетун берүү. Салык төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү
1. Салык төлөөчү төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
1) отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен салык отчетун;
2) Ушул Кодекстин 92-беренесинде белгиленген мөөнөттө бирдиктүү салык декларациясын.
2. Салык төлөөчү отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен ай сайын салык төлөөгө милдеттүү.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 7-августундагы № 62(3134) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |