Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 3-августу № 113
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2020-жылдын 17-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 165-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Дивиденддерди төлөбөстөн, уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган банктын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы кирешени төлөө болуп саналбайт жана салыктык милдеттенменин келип чыгышына алып келбейт.";
2) 223-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Дивиденддерди төлөбөстөн, салык төлөөчү тарабынан уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган банктын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы, ошондой эле уставдык капиталды ушундай көбөйтүү менен байланышкан акцияларды ошол салык төлөөчүгө өткөрүп берүү кирешени төлөө болуп саналбайт жана салыктык милдеттенмелердин келип чыгышына алып келбейт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |