Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 17-августу № 132
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2020-жылдын 24-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
281-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"281-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык КНСти кайра берүү
1. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде КНСти кайра берүү же андан бошотуу каралса, анда товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери кийин кайра берүү менен КНС салынууга жатат:
1) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасында өз ишин жүзөгө ашырган эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык артыкчылыктар жана иммунитеттер берилүүчү башка уюмдардын расмий пайдалануусу үчүн;
2) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасында өз ишин жүзөгө ашырган эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык артыкчылыктар жана иммунитеттер берилүүчү башка уюмдардын аккредиттелген кызматкерлеринин, алар менен чогуу жашаган алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кошо алганда, жеке пайдалануусу үчүн.
2. Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле тиешелүү артыкчылыктарды жана иммунитеттерди пайдалануучу, алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүн кошо алганда, алардын кызматкерлерине карата ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген шарттар өз аралык принциптерин жана паритеттик негизди эске алуу менен Кыргыз Республикасы тарабынан ишке ашырылат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган КНСти кайра берүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 21-августундагы № 66 (3138) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |