Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 21-августу № 138
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Автомобиль жолдору жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2020-жылдын 25-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 322-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
18-берене төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:
"Салмак-габариттик параметрлердин талаптарын сактоо үчүн контроль транспорт каражаттарынын максималдык өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн белгиленген жабдууларды пайдалануу менен стационардык жана өткөрмө транспорттук контроль пункттарында жүргүзүлөт. Транспорттук контроль пункттарында автоматташтырылган тутум болгондо салмак-габариттик параметрлердин талаптарын сактоо үчүн контроль автоматташтырылган тутум менен гана жүзөгө ашырылат.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан белгиленген салмак-габариттик параметрлерди бузгандыгы үчүн аларга берилген жазалар жөнүндө;";
б) 2-пунктунун бешинчи абзацы "жол кыймылынын" деген сөздөрдөн кийин "жана транспорттун" деген сөздөр менен толукталсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-августундагы № 68 (3140) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 21-августу № 138
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Автомобиль жолдору жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2023-жылдын 22-майындагы № 104 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2020-жылдын 25-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2023-жылдын 22-майындагы № 104 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)