Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 22-августу № 141
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2020-жылдын 25-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2211-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Киреше салыгынын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
1) алтын камтыган кенге жана алтын камтыган концентратка:
Бир троялык унция алтындын АКШ долларында баасы | 1300 гө чейин | 1301 ден 1400 гө чейин | 1401 ден 1500 гө чейин | 1501 ден 1600 гө чейин | 1601 ден 1700 гө чейин | 1701 ден 1800 гө чейин | 1801 ден 1900 гө чейин | 1901 ден 2000 ге чейин | 2001 ден 2100 гө чейин | 2101 ден 2200 гө чейин | 2201 ден 2300 гө чейин | 2301 ден 2400 гө чейин | 2401 ден 2500 гө чейин | 2501 ден жана андан жогору |
2023-жылга чейин киреше салыгынын ставкасы, %да | 8 | 10 | 12 | 14 | 16 | 18 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 |
2023-жылдан тартып киреше салыгынын ставкасы, %да | 11 | 13 | 15 | 17 | 19 | 21 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 | 29 | 30 |
2) алтын эритмесине жана аффинаждалган алтынга:
Бир троялык унция алтындын АКШ долларында баасы | 1300 чейин | 1301 ден 1400 гө чейин | 1401 ден 1500 гө чейин | 1501 ден 1600 гө чейин | 1601 ден 1700 гө чейин | 1701 ден 1800 гө чейин | 1801 ден 1900 гө чейин | 1901 ден 2000 ге чейин | 2001 ден 2100 гө чейин | 2101 ден 2200 гө чейин | 2201 ден 2300 гө чейин | 2301 ден 2400 гө чейин | 2401 ден 2500 гө чейин | 2501 ден жана андан жогору |
Киреше салыгынын ставкасы, %да | 1 | 3 | 5 | 7 | 9 | 11 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 |
";
2) 309-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) КНС жана сатуудан алынган салыкты эсепке албастан, төмөнкүлөрдү сатуудан түшкөн акча:
- металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын кошпогондо, пайдалуу казындыларды же;
- пайдалуу казындыларды иштетүүнүн натыйжасында алынган продукцияны;";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган, салык мезгилинде сатылган химиялык таза металлдын наркы.
Эгерде металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган химиялык таза металлдын наркы металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан түшкөн акчадан төмөн болсо, анда роялтинин салык базасы катарында металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан түшкөн акча колдонулат.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталуучу химиялык таза металлдын наркы биржалык металлдын наркына жана металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында металлдын камтылышына жараша эсептелет.
Биржалык металлдын наркы салык мезгилинин ичинде металлдардын Лондон биржасында баалардын котировкалары жарыяланган күндөрдөгү металлдарга баалардын күн сайынкы орточо котировкасынын суммасы менен металлдарга баалардын котировкасы жарыяланган салык мезгилиндеги күндөрдүн санынын ортосундагы орточо арифметикалык мааниси катары аныкталат.
3. Ушул главада биржалык металл деп наркы металлдардын Лондон биржасында котировкалануучу металл түшүнүлөт.";
3) 310-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Роялтинин ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:
1) алтын, күмүш жана платина, ошондой эле металл камтылган кендер жана алтындын, күмүштүн жана платинанын концентраттары үчүн - 5 пайыз;
2) алтынды, күмүштү жана платинаны кошпогондо, металлдар, металл камтылган кендер жана металлдардын концентраттары үчүн - 3 пайыз;
3) суу менен камсыздоочу адистешкен уюмдар үчүн - 5 пайыз;
4) гипске - 6 пайыз;
5) бетин каптоочу материалдарды өндүрүү үчүн табигый таштарга - 12 пайыз;
6) таш көмүргө, күрөң көмүргө - 1 пайыз.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 71 (3143) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |