Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 29-июну № 67
"Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 21-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 5, 478-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 111-берене менен толукталсын:
"111-берене. Өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында медицина кызматкерлеринин укуктары
1. Өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкерлерин жашаган жеринен алардын иштеген жерине чейин жана кайра унаа менен жеткирүүнү уюштурууга;
2) саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкерлерин өзүлөрүнүн кесиптик милдеттерин коопсуз жүзөгө ашыруу үчүн зарыл жеке коргонуучу каражаттар (коргоочу беткаптар, коргоочу көз айнектер, медициналык колкаптар, коргоочу костюмдар, медициналык бахилалар, антисептик каражаттар жана жеке коргонуунун башка каражаттары) менен зарыл көлөмдө камсыз кылууга;
3) саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкерлерин кесиптик ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл талаптагыдай эмгек шарттары менен камсыз кылууга.
2. Кризистик кырдаалдан келип чыккан өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими мезгилинде өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жаткан жана өз ден соолугуна залал келтирүүнүн жогорку тобокелдигине дуушар болгон саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган, бирок ээлеп турган кызмат орду боюнча 4 маянадан кем эмес компенсация төлөнөт.
3. Өзүнүн кесиптик милдеттерин санитардык-карантиндик зонада аткарып жаткан саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкерлерине оор жумуштар жана зыяндуу жана оор эмгек шарттары менен иштөө режими белгиленет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган, бирок ээлеп турган кызмат орду боюнча 10 маянадан кем эмес компенсация төлөнөт.
4. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкери өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында эмгек милдеттерин жана кесиптик парзын аткарууда алган оорунун кесепетинен каза болгон учурда, анын үй-бүлөсүнө жабыр тарткандын 20 орточо жылдык эмгек акысынан кем эмес өлчөмдө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт.
5. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын медицина кызматкери өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында эмгек милдеттерин жана кесиптик парзын аткарууда ал үчүн андан ары иштөө мүмкүнчүлүгүн же болбосо көрсөтүлгөн жагдайларда ооруларга чалдыккандан кийин 1 жыл өткөнгө чейин жокко чыгарган ооруларга чалдыкканда, ага төмөнкү өлчөмдөрдө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт:
1) I топтогу майыпка - жабыр тарткандын 10дон кем эмес орточо жылдык эмгек акысы;
2) II топтогу майыпка - жабыр тарткандын 8ден кем эмес орточо жылдык эмгек акысы;
3) III топтогу майыпка - жабыр тарткандын 5тен кем эмес орточо жылдык эмгек акысы.
6. Бир жолку акчалай жөлөкпулдардын суммалары саламаттык сактоо уюмунун сунуштамасы боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
7. Бир жолку акчалай жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо үчүн орточо эмгек акы эмгек мыйзамдарынын ченемдерине ылайык аныкталат.
8. Эгерде иштеп жаткан мезгилде же болбосо бошогондон 2 жыл өткөнгө чейин медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) мекемесиндеги кайра күбөлөндүрүүдө медицина кызматкерине ушул беренеде көрсөтүлгөн себептерден улам майыптык тобу жогорулатылса, бир жолку акчалай жөлөкпулдун өлчөмү баштапкы ооруга чалдыккан күндөгү, жаңыдан белгиленген майыптык тобу боюнча берилүүчү орточо жылдык эмгек акыларынын санынын жана мурунку майыптык тобу боюнча берилүүчү орточо жылдык эмгек акыларынын санынын ортосундагы айырманы түзгөн суммага көбөйөт.
9. Эгерде саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарында иштеген мезгилде же болбосо бошогондон кийин 1 жыл өткөнгө чейин ушул беренеде көрсөтүлгөн себептерден улам майыптыгы белгиленсе, андан кийин ошол эле мезгилде медициналык кызматкердин өлүмү келип чыкса, бир жолку акчалай жөлөкпулдун өлчөмү баштапкы ооруга чалдыккан күндөгү, өлгөн учуру боюнча берилүүчү жабырлануучунун орточо жылдык эмгек акыларынын санынын жана майыптыгы боюнча берилүүчү жабырлануучунун орточо жылдык эмгек акыларынын санынын ортосундагы айырманы түзгөн суммага көбөйөт.
10. Бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө үчүн эмгек мыйзамдарында аныкталган документтер негиз болуп саналат.
11. Ээлеп турган кызмат орду боюнча 15 эсе маянадан кем эмес өлчөмдө бир жолку акчалай жөлөкпулдар өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында кызматтык милдеттерин жана кесиптик парзын аткарууга байланыштуу медицина кызматкери жаракаттарга, ооруларга чалдыкканда, бирок майыптыкты белгилөөгө укук берилбегенде да төлөнөт.
12. Өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими мезгилинде кесиптик милдеттерин аткаруунун натыйжасында ооруга чалдыгуунун кесепетинен медициналык кызматкерди кызмат ордунан төмөндөткөн учурда, саламаттык сактоо уюмдарынын каражаттарынын эсебинен төмөндөөнүн алдындагы акыркы кызмат орду боюнча анын эмгек акысы сакталат.
13. Ушул берененин 11 жана 12-бөлүктөрүндө каралган төлөмдөр тийиштүү саламаттык сактоо уюмунун сметасынын эсебинен төлөнөт.
14. Бир жолку акчалай жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоодо эмгек мыйзамдарында белгиленген аралаш жоопкерчилик колдонулат.
15. Эгерде алар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында кесиптик милдеттерин аткаруу үчүн тартылса, ушул берененин жоболору менчиктин жеке жана аралаш формаларына негизделген саламаттык сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлерине да толук көлөмдө жайылтылат.";
2) 14-беренеде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары өз каражаттарынын эсебинен медицина кызматкерлерине кесиптик ишине байланыштуу эмдөөгө, оорулардан дарыланууга кеткен чыгымдарын мыйзамдарда аныкталган өлчөмдө төлөйт, ошондой эле мезгилдүү милдеттүү медициналык кароолорду өткөрүүнү камсыз кылат.";
б) 6-бөлүгүндө ", ушундай окшош жагдайларда аскер кызматкерлерине төлөнгөндөй мыйзамдарда белгиленген" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 30-июнундагы № 50 (3122) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |