Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 3-июлу № 72
2019-жылдын 9-сентябрында Нур-Султан шаарында кол коюлган 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясына Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу
2020-жылдын 11-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2019-жылдын 9-сентябрында Нур-Султан шаарында кол коюлган 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясына Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп саналган Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы директоруна 2019-жылдын 9-сентябрында Нур-Султан шаарында кол коюлган 1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясына Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколдун ратификациялаганы тууралуу грамотаны депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 7-июлундагы № 52 (3124) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |