Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 7-июлу № 74
2016-жылдын 15-октябрында Руанда Республикасынын Кигали шаарында кабыл алынган Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна түзөтүүнү ратификациялоо жөнүндө
2020-жылдын 4-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2016-жылдын 15-октябрында Руанда Республикасынын Кигали шаарында кабыл алынган Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна түзөтүү ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түзөтүүнү ратификациялоо жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 10-июлундагы № 53-54 (3125-3126) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |