Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150
Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 10-июлу № 76
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 28-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацында "айылдык калк жашаган конуштардагы жайыттар, интенсивдүү пайдаланылуучу зонадагы жайыттар, ошондой эле алыскы жайыттар" деген сөздөр "жайыттар" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 30-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) экинчи абзацында "жана башка" деген сөздөр алып салынсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Жайыттарды жакшыртуу - жайыттардын түшүмүн жана сапатын жогорулатууга багытталган иш-чаралардын системасы.
Шалбаалантуу - ар түрдүү чарбалык пайдалануудагы жайыт чөбүн өстүрүү максатында көп жылдык чөптөрдү айдоо.
Жайыттарды үстүртөн жакшыртуу - чымды толук бузбастан, маданий жайыттарды түзүү жолу менен жайыттарды жакшыртуу боюнча иш-чаралар.
Жайыттарды түп-тамырынан жакшыртуу - чымды жок кылуу жана андан кийин шалбаалантуу жолу менен жайыттарды жакшыртуу боюнча иш-чаралар.
Маданий жайыттар - үстүртөн жакшыртылган, тоют өсүмдүктөрүн себүү жолу менен жайыт чөбү өстүрүлгөн, үзгүлтүксүз каралган, жер семирткичтер чачылган, малды кашаалап (өлчөмдөп) жаюу жүзөгө ашырылган жайыт участоктору.
Тоют өсүмдүктөрү - мал үчүн тоютка пайдалануу максатында өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрү.
Түп-тамырынан жакшыртылган жайыт - чымды жок кылуу жана андан кийин шалбаалантуу жолу менен өстүрүлгөн, чөп баскан айыл чарба жери.
Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу - жайыт инфраструктура объекттерин реконструкциялоого, оңдоого, реабилитациялоого, курууга багытталган иш-чаралар.";
2) 31-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жайыттарды пайдалануу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жүзөгө ашырылат.";
3) 4-берененин 3-бөлүгүндө "пайдалануу боюнча жамааттын пландарын жыл сайын бекитет, ошондой эле алардын аткарылышы жөнүндө отчетторун" деген сөздөр "башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын, ошондой эле алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 5-берененин 4-бөлүгүндө "пайдалануу пландарынын аткарылышы үчүн жооп берет" деген сөздөр "башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планынын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 6-беренеде:
а) 5-бөлүгүндө:
- экинчи абзацында "пайдалануу" деген сөз "башкаруу жана пайдалануу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацында "пайдалануу" деген сөз "башкаруу жана пайдалануу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жетинчи абзацында "акы белгилөө жана жыйноо" деген сөздөр "жыйымдын өлчөмүн аныктоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Жайыт комитетин түзүү тартиби жөнүндө, ишин уюштуруу жөнүндө, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планын жана жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык планды иштеп чыгуунун тартиби, жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымды белгилөөнүн тартиби жөнүндө типтүү жоболор, Кыргыз Республикасынын жайыт жерлерине малды жаюу ченемин аныктоо тартиби, жайыттардын абалына жана сапатына мамлекеттик стандарттарды жана мониторингин баалоонун ыкмаларын аныктоо тартиби, ошондой эле жайыттарды башкаруу жана пайдалануу маселелери боюнча жоболор, нускамалар, эрежелер жана башка ченемдик укуктук актылар жайыт жерлерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
в) 7-бөлүгүндө "пайдалануу пландарын" деген сөздөр "башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 7-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планын түзүүдө жайыт комитеттери жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планын бекитүү учуруна бул органдардан келип түшкөн маалыматтарга ылайык курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын пландарын эске алууга милдеттүү.";
7) 8-берененин 1-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацы "ал жайыттарды" деген сөздөрдөн кийин "башкаруу жана" деген сөздөр менен толукталсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын тизмеги;";
8) 10-беренеде:
а) аталышында, 4-бөлүгүндө, 5-бөлүгүнүн биринчи абзацында "акы төлөө" деген сөздөр "жыйым" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жайыт белеттери жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тиешелүү жыйымдар төлөнгөндөн кийин жайыт комитети тарабынан берилет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечими боюнча жайыт белети үчүн жыйымды бөлүп төлөөгө жол берилет, жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмеси учурдагы жылдын 15-апрелинен кечиктирилбестен, ал эми калган бөлүгү - 1-ноябрынан кечиктирилбестен төлөнөт. Жыйым өз убагында төлөбөгөн учурда, мөөнөтү өткөрүлгөн ар бир күн үчүн Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык туум кошулуп эсептелет.";
в) 3-бөлүгүндө "укук алуу үчүн акынын өлчөмү ар бир жайыт системасы жана жайыттарды пайдалануунун ар бир түрү үчүн жыл сайын жайыт комитети тарабынан оптималдуу жүктү эске алуу менен салыктын базалык ставкасынан кем эмес белгиленип" деген сөздөр "укук алуу үчүн жыйымдын өлчөмү ар бир жайыт системасы жана жайыттарды пайдалануунун ар бир түрү үчүн жыл сайын жайыт комитети тарабынан оптималдуу жүктү эске алуу менен салыктын базалык ставкасынан кем эмес аныкталып" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 5-бөлүгүнүн үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- иши мал жаюуну болтурбоочу, бирок жайыт кыртышын бузууга алып келбеген участоктордо - мал жаюу үчүн бул участокту пайдалануу үчүн жыйымга барабар өлчөмдө;
- иши мал жаюуну алып салбаган жана жайыт кыртышы бузулбаган участоктордо жыйым алынбайт.";
д) 6 жана 7-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Жайыт пайдалануу үчүн каражаттарды пайдалануу
Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн каражаттар жергиликтүү бюджетке түшөт жана жайыт жерлерин пайдалануу үчүн келип түшкөн каражаттардын үчтөн экисинен кем эмес бөлүгү жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга, ошондой эле жайыт комитетин күтүүгө пайдаланылат.";
10) 14-берененин 2-бөлүгүнүн алтынчы абзацында:
а) "жайыттарды тескөө" деген сөздөр "жайыттарды башкаруу жана пайдалануу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) "пайдалануу" деген сөз "пайдалануунун жылдык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 56 (3128) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |