Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 17-августу № 133
"Ысык-Көл" биосфера аймагынын сууларын агызып чыгаруу жана тазалоочу курулмалары жөнүндө
2020-жылдын 24-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
Ушул Мыйзам жашоо жана ден соолук үчүн жагымдуу экологиялык чөйрөгө жарандардын укуктарын ишке ашырууга, дүйнөлүк тарыхый жана маданий мурастын жана кайталангыс экосистемалардын объекттерин сактоо боюнча аймак катары түзүлүүчү, Бириккен Улуттар Уюмунун (ЮНЕСКО) Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча программасынын Биосфералык резерваттарынын планетардык тармагына "Ысык-Көл" биосфера аймагынын киргизилгендигин эске алуу менен, улуттук маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын статусун, флораны жана фаунаны коргоонун жана сактоонун маанилүүлүгүн көңүлгө алып, "Ысык-Көл" биосфера аймагынын бирдиктүү экологиялык системасын сактоого багытталган, агып чыкма суулардын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтууга, Ысык-Көл көлүнүн экосистемасын төмөнкүлөрдөн булгануусунун алдын алууга багытталган:
- Ысык-Көл көлүнө тиричилик жана башка чарбалык агындылардын түздөн-түз агып түшүшүнө байланышкан чарбалык, соода, рекреациялык жана башка иштерди жүзөгө ашыруунун натыйжасында;
- булганган (тазаланган эмес) тиричилик агындыларынын жер үстүндөгү, жер алдындагы сууларга жана Ысык-Көл көлүнө олуттуу көлөмдө кошулушунун жана агып киришинин натыйжасында.
1-берене.
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
1) агып чыкма суулар - техникалык курулмалардын жана каражаттардын жардамы менен суунун чарбалык звенодон табигый звенолорго (көлгө, дарыяга, литогенге) айланышын уюшкандык түрдө чыгарылуучу (кайра кайтарылуучу). Адамдын ишинин натыйжасында касиети начарлап калган чарбалык-тиричилик, өндүрүштүк, агынды, жамгыр (кар), дренаждык жана башка агызып чыгарылуучу суулардын жалпылаштырылган аталышы;
2) сууларды агызып чыгаруу - инженердик курулмалардын жана жабдуунун комплексин пайдалануу менен калктуу конуштардан, рекреациялык, өнөр жай объекттеринен агындыларды, жамгыр жана эриген кардын сууларын андан ары тазалоочу курулмаларга берүү менен агызып чыгаруу максатында жүргүзүлүүчү технологиялык процесс;
3) агып чыкма сууларды тазалоо - агып чыкма суулардан булгоочу заттарды арылтуу же жок кылуу, жугушсуздандыруу жана патогендик организмдерди жок кылуу;
4) рекреация объекттери - менчигинин формасына жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруунун укуктук формасына карабастан, рекреациялык жана мейманканалык кызматтарды, ден соолукту чыңдоо, жашап туруу, эс алуу, туризм боюнча кызматтарды көрсөтүүчү "Ысык-Көл" биосфера аймагынын чегинде жайгашкан пансионаттар, курорттор, эс алуу үйлөрү, коттедждик шаарчалар, конок үйлөр жана башка объекттер;
5) "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фонду - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтор Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосунда 2017-жылдын 11-сентябрындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен түзүлгөн "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фонду (мындан ары - Жаратылышты өнүктүрүү фонду).
2-берене.
1. Агып чыкма сууларды тазалоо боюнча курулмаларды куруу, аларды оңдоо жана калыбына келтирүү республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, бюджеттик эмес каражаттардын, гранттык жана кредиттик каражаттардын, Жаратылышты өнүктүрүү фондунун каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржы булактарынын эсебинен каржыланат.
2. Жаратылышты өнүктүрүү фондунун каржы каражаттары анын Байкоочу кеңеши тарабынан аныкталган тартипте, артыкчылыктуу тартипте төмөнкү иш-чараларга сарпталат:
1) тазалоочу курулмаларды комплекстүү куруу боюнча шаар куруу документтерин, техникалык-экономикалык негиздеменин (ТЭН) долбоорлорун даярдоого;
2) агып чыкма сууларды тазалоо чөйрөсүндө заманбап технологияларды киргизүү боюнча ченемдик укуктук актыларды, техникалык ченемдерди (стандарттарды) иштеп чыгууга;
3) агып чыкма сууларды тазалоо боюнча мамлекеттик жана муниципалдык объекттерди курууга.
3. Ушул Мыйзамды ишке ашыруу максатында Жаратылышты өнүктүрүү фондунун каржы каражаттары эл аралык каржы уюмдарынын, донор-өлкөлөрдүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын каражаттарын тартууну караштырган фонддорду жана долбоорлорду биргелешип каржылоого багытталышы мүмкүн.
3-берене.
1. "Ысык-Көл" биосфера аймагынын зонасынын чектеринде калктуу конуштар, рекреация объекттери, өнөр жай объекттери, коомдук тамактануу объекттери милдеттүү тартипте сууларды агызып чыгаруу (канализация) жана (же) агып чыкма сууларды тазалоо боюнча курулмалар менен камсыз кылынат.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2021-жылдын 1-январынан тартып "Ысык-Көл" биосфера аймагынын зонасынын чектеринде агындыларды андан ары тазалоочу курулмаларга өткөрүү үчүн агызып чыгаруу системасына кошулбаган, же болбосо агып чыкма сууларды тазалоо боюнча өзүнүн курулмалары жок рекреация объекттерин, өнөр жай объекттерин, үй чарбалыктары үчүн агып чыкма суулардын белгиленген тартипте аныкталган көлөмүнүн орточо суткалык көрсөткүчүнөн ашкан агып чыкма суулардын көлөмүнүн орточо суткалык көрсөткүчү бар объекттерди долбоорлоого, "урууга уруксаттык документтерди, мамлекеттик экологиялык жана мамлекеттик курулуш экспертизаларынын корутундуларын берүүгө, эксплуатациялоого берүүгө жол берилбейт.
3. 2024-жылдын 1-январынан тартып "Ысык-Көл" биосфера аймагынын зонасынын чектеринде агындыларды андан ары тазалоочу курулмаларга өткөрүү үчүн агызып чыгаруу системасына кошулбаган, же болбосо агып чыкма сууларды тазалоо боюнча өзүнүн курулмалары жок рекреация объекттерин, өнөр жай объекттерин, үй чарбалыктары үчүн агып чыкма суулардын белгиленген тартипте аныкталган көлөмүнүн орточо суткалык көрсөткүчүнөн ашкан агып чыкма суулардын көлөмүнүн орточо суткалык көрсөткүчү бар объекттерин иштетүүгө тыюу салынат.
4-берене.
1. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү жеке, юридикалык жактар жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликти, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазыктык, тартиптик, материалдык жоопкерчиликти тартышат.
2. Ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 21-августундагы № 66 (3138) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө агып чыкма сууларды тазалоо боюнча заманбап технологиялардын талаптарына жооп берүүчү тийиштүү ченемдерди иштеп чыксын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |