Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 22-июлу № 86
Биоэтанол жөнүндө
2020-жылдын 11-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында биоэтанолду өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн мамлекеттик саясатынын принциптерин жана укуктук негиздерин белгилейт.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
1) биологиялык тектүү чийки заттар - биологиялык тектүү азыктар, анын ичинде биохимиялык компоненттерге бөлүнүүчү жана биоэтанол өндүрүү үчүн пайдаланылуучу азыктар;
2) биоэтанолду жүгүртүү - биоэтанолду ташып келүүнү (импорт) жана ташып чыгарууну (экспорт) кошуп алганда, биоэтанолду сатуу (сатуу же жөнөтүү) процесстери (баскычтары), ошондой эле алар менен байланышкан куюу, маркалоо, сактоо жана ташуу процесстери;
3) ыйгарым укуктуу орган - биоэтанолду өндүрүү жана жүгүртүү жаатында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;
4) биоэтанолду утилизациялоо - максаттуу багыты боюнча пайдалануу үчүн жараксыз биоэтанолду жана биоэтанолду өндүрүүдөгү кошумча азыктарды белгиленген сапаттагы биоэтанолго технологиялык иштеп чыгуу же жок кылуу;
5) биоэтанол өндүрүү - биоэтанол алууну камсыз кылуучу чийки затты кайра иштетүү боюнча иштердин комплекси;
6) биоэтанол өндүрүүчү - биоэтанолду өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;
7) биоэтанол - мунайзаттар менен милдеттүү түрдө аралаштыруу (компаундаштыруу) үчүн арналган, биологиялык тектүү чийки заттардан өндүрүлгөн дегидратталган этил спирти;
8) дегидратталган этил спирти - суунун үлүшү бир пайыздан ашык болбогон, суусуздандыруу процессине дуушар болгон этил спирти;
9) денатурланган биоэтанол - тамак-аш азыгы же тамак-аш азыгына кошунду катары пайдаланууга мүмкүндүк бербөөчү касиеттерди киргизүү максатында химиялык заттар менен аралашуу процессине дуушар болгон дегидратталган этил спирти;
10) өндүрүш паспорту - биоэтанолду өндүрүү боюнча заводдун өндүрүштүк кубаттуулугунун көрсөткүчтөрүн, биоэтанолду өндүрүүнүн технологиялык процессин сактоо үчүн бар болгон жабдууларды пайдаланууну регламенттөөчү, анын негизги мүнөздөмөсүн чагылдыруучу белгиленген формадагы документ;
11) тамак-аш чийки заты - тамак-аш продукциясын жана биоэтанолду өндүрүү үчүн жарактуу биологиялык тектеги чийки заттардын түрү;
12) биоэтанолду жүгүртүүгө чыгаруу - өндүрүүчүнүн, сатуучунун кампасынан жөнөтүлгөн же кампага жыйнабастан жүктөп жөнөтүлгөн же башка мамлекеттердин аймагына сатуу үчүн экспорттолгон биоэтанолду рынокко жайгаштыруу.
3-берене. Биоэтанол өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери
Биоэтанол өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
- отун энергетика ресурстарын үнөмдөө жана Кыргыз Республикасынын алардын импорттолушуна көз карандылыгын азайтуу максатында биоэтанол өндүрүү үчүн чийки заттардын ар кандай түрлөрүн иштеп чыгууга жана пайдаланууга көмөктөшүү;
- өндүрүштүн ченемдик аныкталган үлүшүн этап-этап боюнча көбөйтүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте биоэтанолду жана аралашма мотордук отунду колдонуу;
- айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын калдыктарын биоэтанол өндүрүү үчүн чийки зат катары пайдалануунун эсебинен айлана-чөйрөнүн абалына терс таасирин азайтуу, биоэтанол өндүрүүнүн, ташуунун, сактоонун жана керектөөнүн экологиялык коопсуздугун сактоо;
- биоэтанолду пайдалануунун экономикалык жана экологиялык артыкчылыктарын калк арасында пропагандалоо;
- биоэтанол өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү, дүйнөлүк илимдин жана техниканын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу.
4-берене. Биоэтанол өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамилелердин өзгөчөлүктөрү
1. Биоэтанолду өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү иш менчиктин бардык формаларынын субъектилери тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Биоэтанол өндүрүүнүн ар кандай технологияларын пайдалануучу чарбакер субъекттер биоэтанолду жүгүртүүгө чыгаруу боюнча бирдей укуктарга ээ.
3. Биоэтанол өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү чарбакер субъекттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте биоэтанол өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш.
4. Биоэтанол өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Биоэтанол өндүрүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
1) өндүрүш паспорту жана биоэтанол өндүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органга биоэтанол өндүрүүнүн көлөмдөрү жөнүндө маалыматты автоматтык түрдө берүүнү камсыз кылган эсепке алууну контролдоочу приборлору болгондо;
2) биоэтанол өндүрүүчүгө менчик укугунда таандык болгон биоэтанол өндүрүү боюнча заводдо.
6. Биоэтанол ташууда ал жеткирилүүчү бүтүндөй жолго коштомо кагазы болгондо жол берилет.
7. Биоэтанол өндүрүүдө жана жүгүртүүдө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) биоэтанол өндүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген квотадан ашкан көлөмдө биоэтанолду андан ары кайра иштетүү үчүн тамак-аш чийки затын пайдаланууга;
2) тамак-аш чийки заты катары 1 жана 2-класстардагы буудайды пайдаланууга;
3) биоэтанол өндүрүү боюнча заводго же мунайзатты кайра иштетүүчү заводго мунай заттары менен компаундаштыруу үчүн аны жеткирип берүү учурларын кошпогондо, биоэтанол жүгүртүүнү жүзөгө ашырууга;
4) алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жүзөгө ашырууга;
5) генетикалык модификацияланган булак (объект) болуп саналган же генетикалык модификацияланган булакты (объекти) камтыган чийки затты кайра иштетүүгө кабыл алууга;
6) биоэтанол өндүрүү боюнча ошол бир эле заводдо эки же андан көп биоэтанол өндүрүүчүлөрдүн биоэтанол өндүрүүнү жүзөгө ашыруусуна;
7) биоэтанол өндүрүүнү өндүрүш паспортусуз, биоэтанол өндүрүүнүн көлөмүн эсепке алууну контролдоочу приборлорсуз же болбосо алар бузулган убакта жүзөгө ашырууга;
8) аны экспорттоону кошпогондо, биоэтанол өндүрүүнү жана (же) мунайзаттар менен биоэтанолду компаундаштырууну жүзөгө ашырбаган жактарга биоэтанол сатууга;
9) коштомо кагазы жана сапаты тууралуу документисиз биоэтанол сатууга.
8. Биоэтанол өндүрбөгөн жана (же) мунайзаттар менен биоэтанолду компаундаштырууну жүзөгө ашырбаган жактарга биоэтанолду сактоого тыюу салынат.
5-берене. Биоэтанолго жана анын колдонуу циклинин процесстеринин коопсуздугуна жалпы талаптар
1. Биоэтанол өндүрүүчүлөр сатып алуучуларга жана керектөөчүлөргө биоэтанолдун коопсуздугунун жана сапатынын көрсөткүчтөрү жөнүндө толук жана анык маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
2. Биоэтанолду сактоо санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келген атайын багыттагы кампа жайларда жүзөгө ашырылат.
3. Компаундаштыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Биоэтанолду кооптуу жүктөрдү ташууга коюлган талаптарга жана техникалык эксплуатациялоонун эрежелерине ылайык, атайын жабдылган жана ташууга жол берилген транспорт аркылуу ташууга жол берилет.
5. Биоэтанол ташууда биоэтанолдун коопсуздугу, сапаты жана бузулбай сакталышы камсыз кылынууга тийиш.
6. Лабораториялык изилдөөнүн натыйжалары боюнча багыты боюнча пайдалануу үчүн жараксыз деп таанылган биоэтанол аны андан ары пайдалануу же жок кылуу (утилдештирүү) жүйөсүнө экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.
6-берене. Биоэтанол өндүрүүгө, жүгүртүүгө, сапатына жана коопсуздугуна мамлекеттик контроль
1. Биоэтанол өндүрүүгө, жүгүртүүгө, сапатына жана коопсуздугуна мамлекеттик контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик контролду юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырууга жол берилбейт.
7-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-июлундагы № 59 (3131) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |