Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 24-июлу № 93
2019-жылдын 20-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2020-жылдын 25-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2019-жылдын 20-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 31-июлундагы № 60 (3132) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |