Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 14-августу № 127
"Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 25-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1027-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
31-берененин 2-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында "2020-жылдын 1-апрелинен тартып" деген сөздөр "2021-жылдын 1-январынан тартып" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга жатат.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |