Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 29-июлу № 101
"Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 18-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. 2005-ж., № 1, 42-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацында "анык" деген сөз алып салынсын.
2) 4-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацында "анык" жана "анык" деген сөздөр алып салынсын.
3) 9-статьяда:
а) мамлекеттик тилдеги аталышында "Камсыздоочуну" деген сөз "Камсыздандыруучуну" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 1-пунктунда:
- мамлекеттик тилдеги биринчи абзацында "Камсыздоочу" деген сөз "Камсыздандыруучу" деген сөзгө алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацы "камсыздандырылган адам" деген сөздөрдөн мурда ", мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган адамдарды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
в) мамлекеттик тилдеги 2-пунктунда "камсыздоочу" жана "камсыздандыруучуга" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "камсыздандыруучу" жана "камсыздоочуга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 4-августундагы № 61 (3133) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |