Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 1-августу № 103
2020-жылдын 5-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (UNCTAD) ортосундагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде "Карызды башкаруу жана финансылык талдоо системасы" программасын (DMFAS) ишке киргизүү боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
2020-жылдын 25-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2020-жылдын 5-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (UNCTAD) ортосундагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде "Карызды башкаруу жана финансылык талдоо системасы" программасын (DMFAS) ишке киргизүү боюнча макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясына (UNCTAD) жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 4-августундагы № 61 (3133) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |