Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 1-августу № 105
"Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 18-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 5, 363-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада "социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү" деген сөздөр "мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1-беренеде:
а) биринчи-үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Көзөмөлчүлүк кеңеши (мындан ары - Кеңеш) - юридикалык жак статусуна ээ болбогон, конкреттүү мекемеде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү сапаттуу берүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар болгондордун бардыгын ыктыярдуу негизде бириктирген мамлекеттик эмес, өкмөттүк эмес, коммерциялык эмес коомдук уюм.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү - жеке жана юридикалык жактардын суроо-талабын аткаруу боюнча алардын компетенциясынын алкагында жүзөгө ашырылуучу жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга, же болбосо жарандык-укуктук мамилелердин натыйжасында келип чыгуучу милдеттерди аткарууга багытталган мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжасы.
Социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик же муниципалдык мекемелер - ишинин негизги түрү билим берүү, маданият, социалдык коргоо, жазаларды аткаруу жана саламаттык сактоо жаатында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү болуп саналган мекемелер.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Гуманитардык жардам - мамлекеттер, уюмдар жана жеке адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, мамлекеттик, коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле муктаж болгон жеке адамга калктын жашоо жана турмуш шарттарын жакшыртуу үчүн азык-түлүк, техника, шаймандар, жабдуулар, медициналык каражаттар жана медикаменттер, башка мүлк түрүндө акысыз берилүүчү активдер.";
3) 3-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мекемелерди кошпогондо, социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде көзөмөлчүлүк кеңештерин түзүү милдеттүү болуп саналат.
Кеңеш башкаруу органынын иш-милдеттерин ушул Мыйзамда белгиленген компетенциянын алкагында жүзөгө ашырат.";
б) 2-бөлүгүндө "Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү" деген сөздөр "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 4-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кеңештин максаты кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн, тамак-аш азыктарынын жана дары-дармектердин сапатын, социалдык чөйрөдөгү мекемелердин ишинин айкындыгын, ошондой эле бюджеттик эмес каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.";
5) 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Кеңештин ыйгарым укуктары
1. Кеңеш:
1) уюштуруучулар тарабынан социалдык чөйрөдөгү мекеменин өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга жана кабыл алууга, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга көмөктөшөт;
2) социалдык чөйрөдөгү мекемелерди өнүктүрүүгө гуманитардык жардамды (инвесторлорду, меценаттарды) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каржылоо булактарын издөөнү жана тартууну жүзөгө ашырат;
3) социалдык чөйрөдөгү мекемелер үчүн тартылган бюджеттик эмес каражаттардын чыгашалар сметасын аткарууну, ошондой эле тамак-аш азыктарынын жана медикаменттердин сапатын карайт жана көзөмөлдү жүзөгө ашырат;
4) социалдык чөйрөдөгү мекемелердин өнүгүүсүнүн жана натыйжалуу иштешинин учурдагы жана келечектеги милдеттерин чечүүгө, иштин сапатын жакшыртууга көмөктөшөт.
2. Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
1) социалдык чөйрөдөгү мекемелердин ишин жакшыртуу жана билим берүү, маданият, социалдык коргоо, жазаларды аткаруу жана саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
2) социалдык чөйрөдөгү мекемелердин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого, тамак-ашты уюштуруунун, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын камсыз кылууга, спорттук-массалык, дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу, социалдык-маданий, билим берүү иш-чараларын өткөрүүгө көмөктөшүүгө;
3) социалдык чөйрөдөгү мекемелердин кызматкерлерин, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле кызыкдар уюмдарды, адистерди жана эксперттерди Кеңештин жыйналыштарына чакырууга;
4) мамлекеттик жана башка мыйзам менен корголуучу жашырын сырга кирген маалыматтарды кошпогондо, социалдык чөйрөдөгү мекеменин тиешелүү кызмат адамдарынан ишти (анын ичинде бюджеттен тышкары финансы-чарбалык) жүзөгө ашырууга байланыштуу документтерди же башка маалыматтарды суратып алууга;
5) зарылдыгына жараша Кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен туруктуу жана (же) убактылуу комиссияларды түзүүгө;
6) фискалдык органдар тарабынан социалдык чөйрөдөгү мекемени текшерүүлөрдүн натыйжалары менен таанышууга;
7) финансы-чарбалык иш чөйрөсүндөгү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери бузулган учурда туруктуу жана (же) убактылуу комиссиянын, жумушчу топторунун иштеринин жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу органга социалдык чөйрөдөгү мекеменин кызмат адамдарына, кызматкерлерине карата тийиштүү чараларды кабыл алуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, алардын кызмат адамдарына, укук коргоо органдарына зарыл чараларды көрүү үчүн табылган бузуулар жөнүндө материалдарды берүүгө;
9) социалдык чөйрөдөгү мекеменин ишинин маселелери боюнча коомдук пикирди иликтөөгө жана жалпылоого жана алынган маалыматтарды мекеменин ишин өркүндөтүү максатында пайдаланууга;
10) мекеменин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга байланышкан маселелерди чечүүгө көмөктөшүүгө;
11) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү маселелери боюнча жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароого катышууга.
3. Кеңеш төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кеңештин ишинин жылдык планын иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
2) өз ишин социалдык чөйрөдөгү мекемелердин администрациялары, алардын уюштуруучулары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар жана гуманитардык жардам көрсөткөн жеке жактар менен өз ара тыгыз аракетте жүзөгө ашырууга;
3) социалдык чөйрөдөгү мекемелердин иши жөнүндө коомчулукка маалымдоого көмөктөшүүгө;
4) жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайты аркылуу өз иши, кабыл алынган чечимдери жана алардын аткарылышы жөнүндө коомчулукка маалымдоого;
5) берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүгө жана аларды өркүндөтүү боюнча өз сунуштарын киргизүүгө;
6) өз иши жөнүндө ар жылдык отчетторду даярдоого жана жалпыга маалымдоо каражаттары же социалдык чөйрөдөгү мекемелердин уюштуруучуларынын расмий веб-сайттары аркылуу коомчулукка маалымдоого;
7) социалдык чөйрөдөгү мекемелерди каржылоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген кошумча булактарды тартууга;
8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талабы боюнча өз иши жөнүндө отчетторду берүүгө.";
6) 6-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту "ата-энелер бирикмелеринин өкүлдөрү" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле гуманитардык жардам көрсөткөн жеке жактар" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 7-берененин 3-бөлүгүндө "социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү" деген сөздөр "мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 10-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кеңеш өз ишин уюштуруу үчүн мыйзамдарга карама-каршы келбеген булактардан гуманитардык жардамды, финансылык жана башка материалдык каражаттарды тартууга укуктуу. Аларды кабып алуу, эсебин жүргүзүү жана бөлүштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Кеңеш тарабынан тартылган акча каражаттарын топтоо жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
9) 15-берененин 3-бөлүгү "адистер" деген сөздөн кийин "жана эксперттер" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 11-августундагы № 63 (3135) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |