Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 1-августу № 112
2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын "Ак-Тилек автожолу" жана Казакстан Республикасынын "Карасу автожолу" өткөрүү пункттарынын ортосунда жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2020-жылдын 25-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын "Ак-Тилек автожолу" жана Казакстан Республикасынын "Карасу автожолу" өткөрүү пункттарынын ортосунда жаңы көпүрө куруу жана колдонуудагы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги казак тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 7-августундагы № 62 (3134) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |