Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 14-августу № 126
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 24-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
72-статьянын 3-пунктунда:
а) биринчи абзацы "бөлүнбөс" деген сөздөн мурда ", мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи абзацы "5 гектардан ашкан" деген сөздөрдөн мурда ", мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
в) үчүнчү абзацы "5 гектардан аз" деген сөздөрдөн мурда ", мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 678-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 15-статьяда:
а) экинчи бөлүгү "майдаланып бөлүнбөстөн," деген сөздөрдөн мурда ", мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
б) үчүнчү бөлүгү "5 гектардан ашкан" деген сөздөрдөн мурда ", мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
в) төртүнчү бөлүгү "5 гектардан аз" деген сөздөрдөн мурда ", мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 16-статьяда:
а) биринчи бөлүгү "майдалап бөлбөстөн," деген сөздөрдөн мурда ", мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи бөлүгү "5 гектардан ашкан" деген сөздөрдөн мурда ", мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
в) үчүнчү бөлүгү "5 гектардан аз" деген сөздөрдөн мурда ", мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 18-августундагы № 65 (3137) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |