Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 17-августу № 134
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 16-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 39-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"39-статья. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоонун, пайдалануунун, эсепке алуунун жана реставрациялоонун эрежелерин аткарбоодо, аларды коргоо тартибин бузууда, ошондой эле тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын башка бузуулар үчүн күнөөлүү болгон мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар жарандык, жазык мыйзамдарында жана бузуулар, жоруктар жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат.";
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 391-статья менен толукталсын:
"391-статья. Тарыхый-маданий мурас объекттерине же аны коргоо чөлкөмүнө келтирилген зыяндын компенсациясы
Тарыхый-маданий мурас объектине же аны коргоо чөлкөмүнө зыян келтирген юридикалык жана жеке жактар объектти же анын коргоо чөлкөмүн калыбына келтирүүгө, ал эми андай кылууга мүмкүн болбогондо келтирилген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык толтурууга милдеттүү. Объектти же анын коргоо чөлкөмүн калыбына келтирүү тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоонун белгиленген тартибин сактоо менен жүзөгө ашырылат.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн зыяндардын ордун толтурууга байланыштуу ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин чыгым тартышына күнөөлүү болгон кызмат адамдары жана башка кызматкерлер Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарында каралган тартипте материалдык жоопкерчилик тартышат.
Келтирилген зыяндардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жазык жоопкерчилигинен бошотпойт.".
2-берене.
"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 570-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 451-берене менен толукталсын:
"451-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жарандык, жазык мыйзамдарында жана бузуулар, жоруктар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте келип чыгат.
Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу укуктук мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде, "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каралат.";
2) 48-берененин 1-бөлүгүндө "2019-жылдын 1-июлуна" деген сөздөр "2023-жылдын 1-январына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 21-августундагы № 66 (3138) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|