Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 21-августу № 139
"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж. № 7-8, 487-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) террористтик же экстремисттик ишти же болбосо ушул ишти каржылоону жүзөгө ашырууда шектелген жеке жакка карата Кыргыз Республикасында чыгарылган шектенүү жөнүндө билдирме;";
2) 14-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жасоодо шектелген жеке жакка карата Кыргыз Республикасында чыгарылган шектенүү жөнүндө билдирме;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 23-августундагы № 68 (3140) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|