Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 19-сентябры № 145
2020-жылдын 11-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 пандемиясынын шарттарында бюджетти колдоого Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2020-жылдын 11-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 пандемиясынын шарттарында бюджетти колдоого Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Евразиялык өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 22-сентябрындагы N 79 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |