КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 23-сентябры № 146
2020-жылдын 10-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) ортосундагы 2018-жылдын 26-январындагы каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Мульти-донордук трасттык фондунун энергетикалык секторду башкарууга көмөк көрсөтүү программасынын администратору катары чыгуучулар - TF072490, мурастоочу TF071398) ортосундагы Гранттык макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун кошумча каржылоо) ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2020-жылдын 10-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) ортосундагы 2018-жылдын 26-январындагы каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-кат жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Мульти-донордук трасттык фондунун энергетикалык секторду башкарууга көмөк көрсөтүү программасынын администратору катары чыгуучулар -TF072490, мурастоочу TF071398) ортосундагы Гранттык макулдашуу (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун кошумча каржылоо) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы № 81 (3153) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |
2020-жылдын 3-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |