Редакцияот 25.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 25-сентябры № 147

2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("САSА-1000" жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ("САSА-1000" жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо) ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы № 81 (3153) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков

 

2020-жылдын 3-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган