Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 31-декабры № 13
Экономикалык амнистия маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.

3-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 51-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тапшырылган декларацияны талдоо процессинде алынган маалыматтарды декларациялоо субъектисине каршы пайдаланбоого жана ачыкка чыгарбоого;";
2) 68-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларациялоо жол-жоболору аяктаганда.".
4-берене
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) 5-статья төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Ыктыярдуу түрдө декларацияланган мүлккө жана кирешелерге карата мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдары боюнча милдеттенме коюлбайт.".
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды
Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу толтурган суммалар бюджеттик мыйзамдарга ылайык республикалык бюджеттин кирешелеринин эсебине чегерилет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу |
Т.Т. Мамытов |
2020-жылдын 23-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 31-декабры № 13
Экономикалык амнистия маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)