Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 11-ноябры № 2
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 14-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) эсепке турган жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтар тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлүп, тышкы иштер маселелерин тейлеген мамлекеттик орган аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясына добуш берүү күнүнө чейин 85 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүп берилет.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) каттоого турган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды берүүнүн формасын, түрүн жана тартибин тышкы иштер маселелерин тейлеген мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт.
Добуш берүү күнү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочу ушул конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинде белгилеген тартипте арыз берүү жолу менен жашаган же турган жериндеги шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө ниеттенгендиги тууралуу билдирүүгө укуктуу.";
2) 15-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн ар бир шайлоочу шайлоочулардын тизмеси менен таанышкан учурдан тартып, бирок добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен, белгиленген үлгүдөгү арызды, ага Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн, ал болбогондо Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун, кызматтык же дипломатиялык паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине берүү жолу менен шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө ниеттенгендиги жөнүндө билдирүүгө укуктуу. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациялоодон өтөт.
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси шайлоочунун жүргөн же турган жериндеги шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө ниеттенгендиги тууралуу арызы келип түшкөн учурдан тартып шайлоочуну акысыз негизде убактылуу консулдук каттоого турган адам катары каттайт. Мындай каттоо шайлоочунун арызында көрсөтүлгөн мөөнөткө жүргүзүлөт.
Арыз кабыл алынгандан кийин Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси токтоосуз аны шайлоо дарегин өзгөртүү боюнча тиешелүү чара көрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет.
Шайлоочу мыйзамдарда белгиленген тартипте автордоштуруудан өтүү менен мамлекеттик порталдагы "шайлоочунун кабинети?) деген сервис аркылуу арызды электрондук түрдө берүүгө да укуктуу.
Шайлоочу билип туруп туура эмес маалыматтарды бергендиги үчүн мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери шайлоо дарегин өзгөртүү жөнүндө шайлоочулардан келип түшкөн арыздарды эсепке алат.";
3) 41-беренеде:
а) 10-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Жарандар жана юридикалык жактар талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоого көмөктөшүүчү иш аракеттерге шайлоо фонддору аркылуу гана каржылык (материалдык) колдоо көрсөтүүгө укуктуу. Юридикалык жактарга, алардын филиалдарына, өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле жеке адамдарга шайлоого түздөн-түз же кыйыр түрдө байланыштуу жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, товарларды сатууну бекер аткарууга же негизсиз төмөндөтүлгөн бааларда аткарууга тыюу салынат. Талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, байкоочулары, шайлоо комиссиялардагы өкүлдөрү, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын, шайлоого түздөн-түз же кыйыр түрдө байланыштуу жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү бекер аткарууга укуктуу.";
б) 16-бөлүгүнүн 1-пунктунда "5 пайыздан" деген сөздөр "1 пайыздан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 61-берененин 2-бөлүгүндө "элүү миң эселенген өлчөмүндөгү" деген сөздөр "он миң эселенген өлчөмүндөгү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 64-берененин 2-бөлүгүндө, 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында "7" деген цифра "3" деген цифрага алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 93 (3165) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу |
С.Н. Жапаров |
2020-жылдын 22-октябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|