Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 11-декабры № 6
Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасында эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы болуп саналган Кыргызстандын элинин эркин билдирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жана "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 1, 2 жана 4-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул Мыйзамды кабыл алат.
1-берене.
Референдум (бүткүл элдик добуш берүү) Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жекшемби күнгө, 2021-жылдын 10-январына дайындалсын.
2-берене.
Добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилүүчү суроону төмөнкүдөй берүү бекитилсин:
"Сиз Кыргыз Республикасын башкаруунун кандай формасын колдойсуз:
- президенттик республика |
| ☐ |
- парламенттик республика |
| ☐ |
- бардык варианттарга каршы |
| ☐ |
(Өзүңүз тандап алган квадраттагы жоопко тиешелүү белгини коюңуз)".
3-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) референдумду уюштуруучулук, материалдык жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыккан башка маселелерди чечсин;
2) референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара тыгыз аракетте референдумду өткөрүүнү уюштурууну, мыйзамдардын сакталышын контролдоону, аны даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка маалымдоону камсыз кылсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу |
Т.Т. Мамытов |
2020-жылдын 10-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|