Редакцияот 04.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 4-декабры № 4

2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, ошондой эле айрым эл аралык келишимдерди өзгөртүү жана колдонуусун токтотуу жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, ошондой эле айрым эл аралык келишимдерди өзгөртүү жана колдонуусун токтотуу жөнүндө протокол ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 8-декабрындагы № 100 (3172) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Президентинин милдеттерин аткаруучу

 

Т.Т. Мамытов

 

2020-жылдын 4-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган