Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 18-декабры № 8
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 327-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмө формаларындагы "ведомстволор аралык" деген сөздөр алып салынсын;
2) 3-беренеде:
а) бешинчи абзацы "түзүүчүлөрү жана (же) катышуучулары" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле бенефициардык ээлери" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалыматтар базасы - мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышкан берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар жөнүндө маалымат. Берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалыматтар базасы электрондук түрдө жүргүзүлөт жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар жөнүндө маалыматты ачуу үчүн мамлекеттик маалымат ресурстары менен интеграцияланат;
бенефициардык ээси - түпкүлүгүндө (ээлик кылуу жана контролдоо чынжырчасы аркылуу) түз же кыйыр түрүндө (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээлик кылган же кардарды контролдогон жеке жак (жеке жактар) же болбосо анын атынан же анын кызыкчылыктарында операция (бүтүм) жасалган жеке жак;",
в) жетинчи абзацы "жеткиликтүү жана отчеттуу процессин" деген сөздөрдөн кийин ", маалыматты 10 жылдан кем эмес мөөнөткө сактоо менен" деген сөздөр менен толукталсын;
г) жыйырма биринчи абзацы "берүүчүнүн (подрядчынын)," деген сөздөрдөн кийин ", консультанттын" деген сөз менен толукталсын;
д) жыйырма экинчи абзацы "акционердик коомдор" деген сөздөрдөн кийин "анын ичинде, алардын туунду чарбалык коомдору," деген сөздөр менен толукталсын;
е) төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын:
"улуттук режимден алып коюу - Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө-мамлекеттеринин потенциалдуу берүүчүлөрүнүн (подрядчыларынын) конкреттүү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуу жол-жоболоруна катышууга жеткиликтүүлүгүн бир тараптуу белгиленген тартипте чектөө же болбосо экономиканын белгилүү бир тармактарында жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик сатып алууларга жеткиликтүүлүктү чектөө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн сатып алууларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрүн аныктоо жолу менен, өзгөчө учурларда эки жылдан ашпаган мөөнөткө белгиленет;";
ж) жыйырма төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"консультациялык кызмат көрсөтүүлөр - зарыл адистештирилген кесиптик билими, тажрыйбасы жана тиешелүү квалификациясы бар консультанттар тарабынан берилүүчү интеллектуалдык же консультациялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр;";
з) төмөнкүдөй мазмундагы отуз үчүнчү жана отуз төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"анык эмес маалымат - берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар өз конкурстук табыштамасында беришкен, чындыкка дал келбеген маалыматтар;
мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификатору - бул мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилүүчү, мамлекеттик сатып алуулардын мониторинги үчүн багытталган, ар кандай белгилери боюнча топтоштурулган товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн аныкталган коду;";
и) отуз бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"бааланган нарк - колдонулуучу жеңилдиктерди, бардык сунуштардын бааларын бирдиктүү валютага которууну жана конкурстук документтерде көрсөтүлгөн сапат критерийлерин эске алган конкурстук табыштаманын баасы;";
к) отуз жетинчи абзацында "бир жылга чыгымдардын ар бир беренеси боюнча" деген сөздөр алып салынсын,
л) кырк биринчи абзацында "шаар куруу жана долбоордук-сметалык документацияларды даярдоо," деген сөздөр алып салынсын;
м) элүүнчү абзацында "камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөр;" деген сөздөр "камсыздандыруучу кызмат көрсөтүүлөр; сметачынын, техникалык көзөмөлдүн кызмат көрсөтүүлөрү;" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 42-берене менен толукталсын:
"42-берене. Товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө талаптар
1. Конкурска катышуу үчүн улуттук же эл аралык сапат стандарттарында каралган, белгиленген техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөргө ылайык келген товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө гана жол берилет.
2. Көп сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугун жана функционалдык пайдаланылуусун камсыз кылуучу алардын техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү, ошондой эле берүүчүлөргө (подрядчыларга) карата квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын же борбордук органдардын чечими менен белгиленет.";
4) 5-беренеде:
а) берененин аталышы "берүүчүлөрдү (подрядчыларды)" деген сөздөрдөн кийин "жана консультанттарды" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалыматтар базасы - келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн жана мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуу эрежелерин бузгандыгы үчүн киргизилген ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын, ошондой эле алардын жетекчилеринин реестри.
2. Ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалыматтар базасына киргизилген берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар, ошондой эле ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалыматтар базасына киргизилген, бирок башка берүүчүнүн (подрядчынын), консультанттын курамында катышкан компаниялардын жетекчилеринин мамлекеттик сатып алууларга катышуусуна жол берилбейт.
Ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 14, 20 жана 22-пункттарын кошпогондо, эгерде берүүчүнүн (подрядчынын), консультанттын түзүүчүлөрү, жетекчи курамынын мүчөлөрү сатып алуучу уюм менен аффилирленген жактар болуп саналса, берүүчүлөрдүн (подрядчылардын), консультанттардын мамлекеттик сатып алууларга катышуусуна жол берилбейт.";
в) 3-бөлүгүндө:
- биринчи абзацы "берүүчүлөрдү (подрядчыларды)" деген сөздөрдөн кийин "жана консультанттарды," деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пункт "конкурстун" деген сөздөн мурда "эгерде мындай баш тартуу өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режимин киргизүү менен байланышкан учурларды кошпогондо, сатып алуу жөнүндө кулактандыруу мындай режимдер киргизилгенге чейин жарыяланган шартта," деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункт "конкурстук" деген сөздөн мурда "эгерде мындай укук бузуу өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режимин киргизүүгө байланыштуу болгон учурларды кошпогондо, сатып алуу жөнүндө кулактандыруу мындай режимдер киргизилгенге чейин жарыяланган шартта," деген сөздөр менен толукталсын;
5) 6-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн 2-пункту "берүүчүлөр (подрядчылар)" деген сөздөрдөн кийин ", консультанттар" деген сөз менен толукталсын;
б) 2-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) конкурска катышууга табыштамаларын берген берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) же консультанттардын кызматкерлери, же болбосо берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар аларга таасир көрсөтүүгө жөндөмдүү жеке жактар (анын ичинде берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) же болбосо консультанттардын катышуучулары (акционерлери), алардын башкаруу органдарынын кызматкерлери жана берүүчүлөрдүн (подрядчылардын), консультанттардын кредиторлору болуп саналган жеке жактар болуп саналса.";
в) 3-5-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Эгерде уюштуруучу (уюштуруучулар) же жетекчи (жетекчилер) бир эле конкурска катышкан башка берүүчүнүн (подрядчынын) же консультанттын уюштуруучусу (уюштуруучулары) же жетекчиси (жетекчилери) болуп саналса, сатып алуучу уюм берүүчү (подрядчы) же консультант менен сатып алуулар жөнүндө келишимди же алкактын макулдашууну түзө албайт.
4. Сатып алуучу уюм аффилирленген жак болуп саналган берүүчү (подрядчы) же консультант менен сатып алуулар жөнүндө келишим же алкактык макулдашуу түзө албайт.
Сатып алуучу уюм берүүчүдөн (подрядчыдан) же консультанттан аффилирленүүсү жок экендиги тууралуу жазуу жүзүндөгү ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматты талап кылууга милдеттүү. Бенефициардык ээлери тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында ачык жана жеткиликтүү маалымат болуп саналат.
5. Сатып алуучу уюм кызматкери өзгөчөлүү шарттарды же конкурстук документацияны даярдоого жооптуу болгон берүүчү (подрядчы) же консультант менен, же болбосо акыркы эки жылда бул сатып алуучу уюмдун кызматкери болгон берүүчү (подрядчы), консультант менен сатып алуулар жөнүндө келишим же алкактык макулдашуу түзө албайт.";
г) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Сатып алуучу уюм туунду чарбалык коом болуп саналган, же болбосо товарларды сатып алууда техникалык өзгөчөлүктөрдү иштеп чыгуу, жумуштарды сатып алууда кемчилик актысын түзүү, долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгуу менен байланышкан консультациялык кызматтарды көрсөтүү жана кызматтар менен консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда техникалык тапшырманы түзүү үчүн жалданып алынган биргелешкен кызматкерлери бар берүүчү (подрядчы), консультант менен сатып алуулар жөнүндө келишим же алкактык макулдашуу түзө албайт.";
6) 7-беренеде:
а) 1-бөлүгү "берүүчүнүн (подрядчынын)" деген сөздөрдөн кийин ", консультанттын" деген сөз менен толукталсын;
б) 3-бөлүгү "берүүчүнүн (подрядчынын)" деген сөздөрдөн кийин "же болбосо консультанттын" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 8-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы "Берүүчүлөрдү (подрядчыларды)" деген сөздөрдөн кийин ", консультанттарды" деген сөз менен толукталсын;
8) 9-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
- 3 жана 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, аудиторлор жана башка органдар укук бузууларды караган жана айкындаган учурда, ошондой эле даттанууларды жана нааразылыктарды кароо боюнча көз карандысыз комиссия (мындан ары - көз карандысыз комиссия) даттанууларды кароосунун натыйжалары боюнча айыппулдук санкцияларды колдонуу;
4) сатып алуучу уюмдардын, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдердин бирдиктүү республикалык реестрлерин, берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалымат базасын, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалымат базасын түзүү жана жүргүзүү;";
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) сатып алуучу уюмдардын мамлекеттик сатып алууларга катышкан берүүчүлөрдөн (подрядчылардан) жана консультанттардан келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу, мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында, анын ичинде электрондук каталогго мезгилдүү жазылуу үчүн көз карандысыз комиссияга даттануу бергендиги жана анын каралышы үчүн төлөм түрүндө келип түшкөн акча каражаттарын тиешелүү (депозиттик жана атайын) эсептерде топтоо жана башкаруу. Акча каражаттарын топтоонун жана башкаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталат;";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификаторун жана колдонуунун тартибин бекитүү.";
б) 2-бөлүгүнүн 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) көз карандысыз комиссиянын чечиминин натыйжалары боюнча конкурсту жокко чыгаруу.";
9) 10-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Сатып алуучу уюм сатып алуулар бөлүмүн түзөт же сатып алууларды жүзөгө ашыруу жоопкерчилигин өзүнүн бөлүмдөрүнүн бирине (мындан ары - сатып алуу бөлүмү) жүктөйт.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Конкурсту өткөрүү үчүн сатып алуучу уюм конкурстук документацияларды веб-порталда же электрондук каталогдо жарыялаганга чейин конкурстук комиссия түзөт. Конкурстук комиссиянын курамы конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланардын алдында сатып алуучу уюмдун буйругу менен бекитилет жана сатып алуучу уюмдун өкүлдөрүн камтыйт, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрүн жана (же) тартылган эксперттерди камтышы мүмкүн. Сатып алуучу уюмдун конкурстук комиссиясы төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) конкурстук документацияларда каралган критерийлерди бекитет;
2) конкурстук документацияда көрсөтүлгөн мөөнөттө ачуу система тарабынан автоматтык түрдө жүргүзүлүүчү электрондук сатып алууларды кошпогондо, конкурстук табыштамалары бар конверттерди ачууну жүргүзөт;
3) конкурстук табыштамалар веб-портал же электрондук каталог тарабынан автоматтык түрдө ачылган жана конкурстук табыштамалар салынган конверттерди ачуу протоколу веб-порталда же электрондук каталогдо система тарабынан автоматтык түрдө түзүлүүчү жана жайгаштырылуучу электрондук ыкма аркылуу сатып алууларды жүргүзүүнү кошпогондо, конкурстук табыштамалары бар конверттерди ачуу протоколун түзөт жана ага кол коет жана веб-порталга жайгаштыруу үчүн сатып алуу бөлүмүнө берет;
4) конкурстук документацияда каралган жол-жоболорду жана критерийлерди пайдалануу менен конкурстук табыштамаларды баалоону жүргүзөт, ушул Мыйзамга ылайык жеңүүчүлөрдүн рейтингин көрсөтүү менен конкурстун натыйжалары жөнүндө баалоо отчетун даярдайт;
5) жеңүүчүнү аныктоо маселеси боюнча чечимди же сатып алуулардын жол-жоболорунун натыйжалары боюнча башка чечимди чыгарат;
6) конкурстук табыштамаларды баалоонун жыйынтыктарына негиздүү даттануу келип түшкөн учурда, көз карандысыз комиссиянын чечимине ылайык үч жумушчу күндүн ичинде конкурстук табыштамаларды баалоону кайтадан жүргүзөт жана көз карандысыз комиссиянын чечимин аткаруунун жыйынтыктары тууралуу билдирүүнү мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.";
в) 6-бөлүк "бузуулар үчүн" деген сөздөрдөн кийин "жана көз карандысыз комиссиянын чечимин аткаруудан баш тарткандыгы үчүн (бейтарап сотко же жалпы юрисдикциядагы сотко көз карандысыз комиссиянын чечимине карата кайрылуу берилбеген шартта)" деген сөздөр менен толукталсын;
10) 13-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 14-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) конкурстук табыштаманын валютасы: конкурстук табыштамалар ачылган күнү конкурстук табыштамалар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча кайта эсептелинген чет өлкөлүк валютада берилген учурда;";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21) берилүүчү товарларга, аткарылуучу жумуштарга жана көрсөтүлүүчү кызматтарга продукциянын коопсуздугун, сапатын ырастаган тиешелүү сертификаттардын болуусу жана (же) техникалык жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана белгиленген тартипте ратификацияланган, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган ылайыктуулугун баалоону стандартташтыруу жана техникалык жөнгө салуу жаатындагы эл аралык келишимдерге ылайык жеке адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, анын ичинде жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн жашоосуна жана илдетсиз болуусуна, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө зыян келтирүү менен байланышкан жол бергис коркунучтарды болтурбоо максатында продукцияга болгон талаптар менен байланышкан долбоорлоо (изилдөөнү кошуп алганда), өндүрүш, курулуш, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, пайдалануу, утилдештирүү процесстеринин болуусу.";
12) 16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-берене. Мамлекеттик сатып алуулардын усулдары
1. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар төмөнкү усулдар менен жүзөгө ашырылат:
1) бир этаптуу;
2) эки этаптуу;
3) жөнөкөйлөтүлгөн;
4) бааны төмөндөтүү;
5) келишимди тикелей түзүү.
2. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар ушул Мыйзамдын 34-беренесинде каралган усулдар менен жүзөгө ашырылат.";
13) 17-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бир этаптуу усул менен сатып алуу конкурсу негизги усул болуп саналат жана эгерде баадан тышкары сапат критерийлерин белгилөө зарыл болсо колдонулат.";
"3. Сатып алуулардын предметинин пландалган суммасы максималдуу босоголук сумманын эки эселенген өлчөмүнөн ашкан (бардык лоттордун жалпы суммасын эске алуу менен) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларда сатып алуучу уюм ушул Мыйзамдын 281-беренесине ылайык эки пакеттүү ыкманы колдонууга тийиш.
Мында сатып алуучу уюм сатып алуулардын предметинин пландалган суммасы максималдуу босоголук сумманын эки эселенген өлчөмүнөн ашпаган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда эки пакеттүү ыкманы колдонууга укуктуу.";
14) 21-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Түз келишим түзүү усулу менен сатып алуулар - сатып алуучу уюм веб-порталга же веб-порталдын электрондук каталогуна келип түшкөн табыштамалардын (сунуштардын) арасында бааларга мониторинг жүргүзгөндөн кийин (ушул берененин 4-бөлүгүнүн 6, 11, 15 жана 17-пункттарын кошпогондо) сатып алуулар жөнүндө келишимге кол кое турган мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу. Эгерде веб-порталга табыштамалар (сунуштар) келип түшпөгөн учурда, сатып алуулар табыштамаларды (сунуштарды) кагаз жүзүндө суратып алуу аркылуу кайрадан мониторинг жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Сатып алуучу уюм табыштамага кепилдик берүүчү декларацияга берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) кол коюшу жөнүндө талапты кое алат. Берүүчү (подрядчы) ушул Мыйзамдын 27-беренесинде каралган, сатып алуучу уюм тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Ушул берененин 4-бөлүгүнүн 17-пунктун кошпогондо, сатып алуу жөнүндө документация ушул Мыйзамдын 14-беренесине ылайык иштелип чыгат. Ушул берененин 4-бөлүгүнүн 6 жана 17-пункттарында каралган сатып алууларга карата сатып алуучу уюм салыктар жана социалдык төлөмдөр боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз тууралуу маалыматты талап кылбастан келишим түзүүгө укуктуу.";
б) 4-бөлүгүндө:
- 15-пункт "улуттук коопсуздукту" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте" деген сөздөр менен толукталсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:
"22) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталган берүүчүдөн (подрядчыдан) товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган нарк боюнча конкреттүү сатып алууда. Ушул ченем улуттук режимден алып коюунун алкагында колдонулат.";
в) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ушул берененин 4-бөлүгүнүн 1, 3, 6-11, 13, 15, 17-20-пункттарында каралган сатып алуулар электрондук каталог аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.";
15) 211-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
16) 24-берененин 9-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Конкурстук табыштамалардын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейинки өзгөчө учурларда, конкурстук табыштамаларга баа берүү үчүн убакыт жетишсиз болгондо же болбосо көз карандысыз комиссиянын чечиминин негизинде кайрадан баа берилгенде, сатып алуучу уюм берүүчүлөргө (подрядчыларга) бул мөөнөттү конкреттүү убакыттын мезгилине узартуу жөнүндө суроо-талабын жөнөтүүгө милдеттүү.";
17) 26-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Аудитордук кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну кошпогондо, аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык, сатып алуучу уюм сатып алуу предметинин пландалган суммасынын 2 пайызынан ашпаган конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуунун өлчөмүн белгилейт. Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылууну колдонуу мөөнөтү конкурстук табыштаманын колдонуу мөөнөтү менен дал келүүгө тийиш.";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) ушул берененин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык.";
в) 5-бөлүгүнүн 1-пункту "жеңүүчү" деген сөздөн мурда "эгерде мындай баш тартуу өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режимин киргизүү менен байланыштуу болгон учурларды кошпогондо, сатып алуу жөнүндө кулактандыруу мындай режимдер киргизилгенге чейин жарыяланган шартта," деген сөздөр менен толукталсын;
г) 6-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Берүүчүлөр (подрядчылар) бул декларацияны бузганда, сатып алуучу уюм аларды ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалыматтар базасына киргизүү жөнүндө сунушту демилгелейт.";
18) 27-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) техникалык мүмкүнчүлүктөрү, зарыл жабдуулардын, квалификациялуу кадрлардын, лицензиялардын (эгерде иш-аракет лицензияланса, Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп саналбаган катышуучулар үчүн - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдин негизинде тараптар лицензияларды өз ара тааныган учурда, аларды чыгарган өлкөнүн лицензияларынын болушу), Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарына ылайык, жаныбарлардан алынган продуктуларды жана чийки заттарды өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, сатуу боюнча иштерди каттоонун жана өндүрүштүк объекттердин болушу;";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө электрондук эсеп-фактуралардын маалымат системасында жол-жоболоштурууга милдеттүү болгон берүүчүнү (подрядчыны) каттоо жөнүндө маалымат.";
19) 271-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"271-берене. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдөгү демпингге каршы чаралар
1. Мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда берүүчү (подрядчы) тарабынан келишимди аткарууну камсыз кылууга кошумча демпингдик деп таанылбаган минималдуу жол берилген баанын төмөндөтүлгөн суммасына барабар өлчөмдөгү банктык кепилдикти киргизүү шартында демпингдик бааны берүүгө жол берилет. Демпингге каршы чаралар максималдуу босоголук суммага барабар же андан жогору сатып алууларга карата колдонулат.
2. Сатып алуучу уюм берүүчү (подрядчы) тарабынан демпингге каршы чара катары берилген банктык кепилдикти ушул берененин 1-бөлүгүнүн негизинде, толук көлөмдө товар берилгенден, жумуш аткарылгандан же кызмат көрсөтүлгөндөн кийин үч жумушчу күндүн ичинде, келишимде каралган шарттарга ылайык кайтарып берет.";
20) 281-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Финансылык сунуштары бар пакеттер (конверттер) ачылбаган боюнча конкурстун катышуучусунда калат. Конкурстун катышуучусу финансылык сунушу бар пакетти (конвертти) ачып көрбөшү үчүн сатып алуулар бөлүмүнүн жооптуу адамы пакетке каттоо номери бар штампты басат. Конкурстун катышуучусу же болбосо ал ыйгарым укук берген адам мөөр басылган пакеттеги (конверттеги) финансылык сунушту ача турган күнү алып келет. Финансылык сунуштары бар пакеттер (конверттер) квалификациялык жана техникалык талаптарга туура келүүсүнө баа берилгенден кийин, эки пакеттүү ыкманын биринчи пакетинин өткөндүгү жөнүндө кабар жарыяланган датадан тартып беш жумушчу күндөн эрте эмес, бирок жети жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө веб-портал тарабынан ачылат. Сатып алуулардын экинчи пакетин кароо мөөнөтү он жумушчу күндөн ашпайт.";
21) 29-беренеде:
а) 8-бөлүгүндө:
- 1-пункт "болуп саналса," деген сөздөрдөн кийин "берилген жеңилдиктерди эске алып" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктунда "баалоонун башка критерийлери да" деген сөздөр "сапат критерийлери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 9-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде баа төмөндөтүлгөндөн (арзандатуу берилгенден) кийин берүүчүлөр (подрядчылар) бирдей сунуштарды (бааны, арзандатууну) беришсе, анда жеңүүчү мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы тарабынан капилет тандоо аркылуу (мамлекеттик сатып алуулар кагаз түрүндө болгон учурда, чүчүкулактын жардамы менен) аныкталат.";
22) 30-беренеде:
а) 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу сатып алууда, сатып алуулар бөлүмү, ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2, 6, 11, 15 жана 17-пункттарын кошпогондо, төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколун түзөт:";
б) 4-бөлүгүндө "бир календардык күндүн" деген сөздөр "эки жумушчу күндүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 31-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Сатып алуучу уюм төмөнкү учурларда конкурсту өткөрүлгөн жок деп тааныйт:
1) бир дагы конкурстук табыштама келип түшпөгөндө, конкурстук табыштамалардын саны жетишсиз болгондо же болбосо бардык конкурстук табыштамалар четке кагылганда;
2) конкурстук табыштамалардын минималдуу баасы сатып алуучу уюм сатып алууларды өткөрүүгө бөлгөн суммадан ашып кеткенде;
3) конкурстук табыштаманын мөөнөтү бүткөндө;
4) ушул Мыйзамдын 49-беренесинин 5-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, көз карандысыз комиссия сатып алуулардан тапкан укук бузуулар аныкталганда;
5) мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан табылган сатып алуулардын тартиби бузулгандыгы аныкталганда.";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык конкурс өткөрүлгөн жок деп таанылган учурда, сатып алуучу уюм баалоо критерийлерин, техникалык өзгөчө шарттарды, квалификациялык талаптарды кайра карап чыгууга жана кайрадан конкурс өткөрүүгө тийиш. Эгерде бул жол-жобо келишим түзүүгө алып келбесе, анда ушул берененин 2-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттары боюнча конкурс өткөрүлгөн жок деп таанылган учурларды кошпогондо, сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алууларды ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык өткөрө алат.";
24) 32-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "бир календардык күндүн" деген сөздөр "эки жумушчу күндүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эгерде сатып алуу жол-жоболору ушул Мыйзамдын 4-главасына ылайык көз карандысыз комиссиянын чечими боюнча убактылуу токтотулбаган болсо гана, ушул Мыйзамдын 321-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген мөөнөттөрдү кошпогондо, сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалымат жарыяланган күндөн тартып он календардык күндөн эрте эмес мөөнөттө жана отуз календардык күндөн кечиктирбестен жеңип чыккан берүүчү (подрядчы) менен келишимге кол коёт.
Ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүндө (6, 10, 11, 15 жана 17-пункттарды кошпогондо) көрсөтүлгөн учурларда сатып алууларды жүзөгө ашырууда, сатып алуучу уюм үч жумушчу күндөн эрте эмес мөөнөттө келишимге кол коёт.";
в) 4-бөлүгүндө "келишим конкурстун жеңүүчүсүнүн рейтингинде экинчи орунду ээлеген берүүчү (подрядчы) менен түзүлөт" деген сөздөр "сатып алуучу уюм конкурстун жеңүүчүсүнүн рейтингинде экинчи орунду ээлеген берүүчү (подрядчы) менен келишим түзө алат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
25) 48-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдү кошпогондо, берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар сатып алуу жол-жобосунун кайсы болбосун этабында, ушул Мыйзамдын 32, 321 жана 47-беренелеринде каралган мөөнөттөрдө келишим түзгөнгө чейин көз карандысыз комиссияга мамлекеттик сатып алуунун бардык усулу боюнча даттануу берүүгө укуктуу.
Бир этаптуу усулду эки пакеттүү ыкма менен сатып алууда, биринчи пакет (конверт) боюнча даттануу сатып алуучу уюмдун чечими жарыяланган датадан тартып беш жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилет. Ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6, 10, 11, 15 жана 17-пункттарын кошпогондо, тикелей келишим түзүү усулу менен сатып алууда, даттануу чечим жарыяланган датадан тартып эки жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилет.";
26) 49-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, ведомстволордун жана коомчулуктун өкүлдөрүнөн," деген сөздөр "коомчулуктун өкүлдөрүнөн, эксперттерден, юристтерден жана" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Көз карандысыз комиссия сатып алуучу уюмга даттанууну алгандыгы тууралуу токтоосуз кабарлайт жана сатып алуулардын жол-жобосун он күнгө токтотуп турат. Көз карандысыз комиссия даттанууну электрондук форматта карайт жана жети жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Чечим мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырылат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) чечим кабыл алуунун жүйөлөрүнүн негиздемесин;
2) даттануу толук же жарым-жартылай канааттандырылган учурда, берилген талаптарды канааттандырууга багытталган чараларды.
Зарыл болгондо көз карандысыз комиссия даттанууну сатып алуучу уюмдун жана даттануу берген катышуучунун катышуусунда карайт. Эгерде карап чыгуу учурунда документтерди кошумча суратуу, же башка адистерди же эксперттерди чакыруу, же болбосо кошумча экспертизаны жүргүзүү зарыл болсо, ошондой эле даттануу сатып алуучу уюмдун жана даттануу берген катышуучунун катышуусунда каралган учурда, көз карандысыз комиссия зарыл жол-жоболорду жана иш-чараларды жүргүзгөндөн кийин, беш жумушчу күндүн ичинде биротоло чечим чыгарат. Мындайда сатып алуу жол-жоболорун токтотуп туруу мөөнөтү көз карандысыз комиссиянын биротоло чечими чыгарылганга чейин узартылат.";
в) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Эгерде берүүчүнүн (подрядчынын), консультанттын даттануусу негиздүү болгон учурда, көз карандысыз комиссия укуктук коргоонун төмөнкүдөй бир же бир нече каражаттарын сунуштоого тийиш:
1) сатып алуучу уюмдун мыйзамсыз аракеттерди жасоосуна тыюу салуу;
2) сатып алуучу уюмдун мыйзамсыз чечимдерди кабыл алуусуна же болбосо мыйзамсыз жол-жоболорду колдонуусуна тыюу салуу;
3) сатып алуучу уюмдун мыйзамсыз чечимин толук жокко чыгаруу;
4) сатып алуучу уюмдун мыйзамсыз чечимин жарым-жартылай жокко чыгаруу;
5) сатып алуучу уюмдун конкурстун жол-жобосунун шарттарын бузган чечимин жокко чыгаруу;
6) сатып алуулардын жол-жоболорун токтотуу жөнүндө чечим чыгаруу.";
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Көз карандысыз комиссия даттанууну мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган мөөнөттөрдү бузуу менен келишим түзүлгөндөн кийин карайт. Мындай учурларда көз карандысыз комиссия ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышын кароо үчүн бул келишимди аткарууну он календардык күнгө чейинки мөөнөткө токтотуп турат. Эгерде көз карандысыз комиссия сатып алуу ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен өткөрүлгөндүгүн тааныса, ал даттануунун негиздүүлүгү жөнүндө корутунду чыгарат, аны менен катышуучу сотко кайрылууга укуктуу.";
27) 51-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Нускамага ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Сатып алуучу уюм келишимге кол коюлган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде төмөнкү маалыматтарды камтыган маалыматты мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жарыялоого милдеттүү:
1) берүүчүнүн (подрядчынын), консультанттын жана алардын бенефициардык ээлеринин аталышы жана юридикалык дареги;
2) конкурсту өткөрүү датасы;
3) мамлекеттик сатып алуулардын предмети;
4) товар бирдиги үчүн улуттук валютадагы баа;
5) келишим боюнча мамлекеттик сатып алуулардын жалпы суммасы;
6) келишим түзүлгөн дата;
7) келишимди аткаруу мөөнөттөрү;
8) келишимди аткаруу шарттары жана графиги (товарларды берүү, кызматтарды көрсөтүү, жумуштарды аткаруу);
9) келишимдин аткарылышын кепилдик камсыз кылуунун өлчөмү;
10) келишим боюнча кепилдик мөөнөттүн болушу.";
в) 5-бөлүгү "берүүчү (подрядчы)" деген сөздөрдөн кийин ", консультант" деген сөз менен толукталсын;
г) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Сатып алуучу уюм берүүчү (подрядчы), консультант тарабынан келишимди аткаруунун жыйынтыктары боюнча үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына мамлекеттик сатып алуулар келишиминин аткарылыш процесси тууралуу төмөнкүдөй маалыматты жайгаштырат:
1) келишимге өзгөртүүлөр киргизилген дата;
2) өзгөртүү үчүн негиз;
3) кабыл алуу актысына кол коюлган дата;
4) айыптык санкциялардын суммасы;
5) келишимдин аткарылышын кепилдик камсыз кылууну кармап калуу жол-жобосу колдонулгандыгы;
6) келишимдин аткарылышын кепилдик камсыз кылуунун кармалган суммасы;
7) төлөнгөн датасы жана суммасы.";
д) берене төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-бөлүктөр менен толукталсын:
"8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык купуя маалыматтарды жана жеке маалыматтарды кошпогондо, келишимдердин тексттери жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.
9. Сатып алуучу уюмдун жетекчиси жана кызматкерлери келишимди аткаруунун жүрүшүндө келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.";
28) 52-беренеде:
а) 2-бөлүгүндө:
- үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кепилдик камсыз кылуу келишимде каралган айыппулдардын максималдуу өлчөмүнөн ашуусу же келишимдин наркынын 10 пайызынан жогору болуусу мүмкүн эмес.";
- төртүнчү сүйлөмү алып салынсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
"3. Келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу үч жумушчу күндөн кечиктирилбестен берүүчүгө (подрядчыга) төмөнкү учурларда кайтарып берилет:
1) бардык кепилдик милдеттенмелерди кошуп алганда, келишим боюнча милдеттенмелер аткарылганда. Кепилдик милдеттенмелер күчүндө турган мезгилде, сатып алуучу уюм аткарууну кепилдик камсыз кылуу өлчөмүн төмөндөтөт. Мында келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуунун кармалган суммасы келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу суммасынын 50 пайызынан ашпоого тийиш;
2) форс-мажордук жагдайларга байланыштуу келишим бузулганда.
4. Эгерде берүүчүлөр (подрядчылар) ушул берененин 3-бөлүгүнүн 2-пунктун кошпогондо, өздөрү менен түзүлгөн сатып алуулар жөнүндө келишимдер (контракттар) боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган, же болбосо талаптагыдай эмес аткарган учурда, келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу сатып алуучу уюм тарабынан кармалат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу |
Т.Т. Мамытов |
2020-жылдын 5-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|