Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 6-январы № 3
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 16-статьянын 3 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 39-статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Көп кабаттуу турак үйлөрдү, коомдук, өнөр-жай, суу чарба багытындагы объектилерди, ошондой эле линиялык объектилерди долбоорлоо жана куруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте долбоорлоо жана курулуш процесстерин айкалыштыруу жолу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 26-июлу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
66-берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:
"31. Эгерде сот тарабынан курулушчуга таандык мүлктү же акча каражаттарын камакка алуу түрүндөгү доону камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлгөн учурда, анда доону камсыз кылуу боюнча чаралар доонун суммасынын чектеринде, объекттин курулушун жана аны эксплуатациялоого берүүнү токтотпостон, соттук териштирүүлөр аяктаган учурга чейин көрүлөт.
Доону камсыз кылуу үчүн курулушчу тараптардын макулдашуусу боюнча өзүнө же башка жактарга таандык мүлктүн же курулуш объекттеринин ичинен доонун суммасынын чегинде акча каражаттарын же мүлктү коюуга укуктуу. Мында доону камсыз кылуу үчүн мүлктү баалоо көз карандысыз баалоочуну тартуу менен жүзөгө ашырылат.".
3-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
КР "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 3 (3182) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу |
| Т.Мамытов |
|
|
|
2020-жылдын 25-ноябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |