Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 21-январы № 8
2009-жылдын 26-январында Бонн шаарында Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин Уюштуруучу конференциясында кабыл алынган Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин (IRENA) уставын ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2009-жылдын 26-январында Бонн шаарында Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин Уюштуруучу конференциясында кабыл алынган Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин (IRENA) уставы ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп саналган Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнө ратификациялык грамотаны депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 22-январындагы № 5 (3184) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу |
| Т.Мамытов |