КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 22-январы № 12
2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы боюнча кооптуу калдыктарды трансчекаралык өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы боюнча кооптуу калдыктарды трансчекаралык өткөрүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 29-январындагы № 7 (3186) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу |
| Т.Мамытов |