Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 25-январы № 15
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8., 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
375-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Кыргыз Республикасынын аймагын кошпогондо, Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагына жеткирүү максатында ЭЭЗ аймагында өндүрүлгөн товарларды ташып чыгуу КНС төлөөдөн бошотулат.
Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагына товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө ырасталбаган учурда КНСтин суммасы төлөнүүгө тийиш.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 29-январындагы № 7 (3186) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу |
| Т.Мамытов |