Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 26-февралы № 22
2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин товарларынын товардык белгилери, тейлөө белгилери жана чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин товарларынын товардык белгилери, тейлөө белгилери жана чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 2-мартындагы № 16 (3195) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|