Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 26-февралы № 23
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
.54-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык квалификациялуу юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдарга карата мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 2-мартындагы № 16 (3195) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |