Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 26-февралы № 24
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 153-берене төмөнкүдөй мазмундагы 55-пункт менен толукталсын:
"55) "Жыштыкты (кубаттуулукту) жөнгө салуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр" - параллелдүү иштөө жөнүндө эл аралык келишимдерге катышуучу-мамлекеттердин энергетикалык системаларынын бирикмесинде бирдиктүү жыштыктуу энергетикалык системалардын ишенимдүү параллелдүү иштөөсүн камсыз кылуу максатында, иш жүзүндөгү электр кубаттуулугунун анын өтүүсүнүн суткалык графигинде билдирилген чоңдугунан четтөөлөрүн теңдемелөө боюнча уюштуруучулук жана технологиялык жактан байланышкан чаралардын комплекси камтылуучу системалык оператор - "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар.";
2) 282-14-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту "кызмат көрсөтүүлөр," деген сөздөрдөн кийин "ошондой эле жыштыкты (кубаттуулукту) жөнгө салуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 12-августунан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 2-мартындагы № 16 (3195) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |