Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 17-марты № 33
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:
"12-1) башка жерлер - айыл чарбалык эмес жерлердин түрү, аларга төмөнкүлөр кирет: кум, таш баскан жерлер, жарлар, шагылдуу жерлер, көчкү, эшилмелер, аскалар, мүрзөлөр, таштанды астындагы жерлер;";
б) 26-1-пункту "бузулган жерлер;" деген сөздөрдөн кийин "башка жерлер;" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 19-мартындагы № 21-22 (3200-3201) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|