Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 17-марты № 36
"Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2006-жылдын 22-августу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-берене. Гидрометеорология иши чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн жоопкерчилик
Юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык төмөнкүдөй учурларда жоопкерчилик тартат:
а) гидрометеорологиялык станцияларды, постторду, приборлорду же ушул объекттердеги жабдууларды бүлүндүрсө, бузса, уурдаса жана иштен чыгарса;
б) бардык түрдөгү гидрометеорологиялык станциялардын же посттордун коргоо аймактарындагы иштерди аткаруу тартибин бузса;
в) жаратылыш чөйрөсүнүн абалына байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу гидрометеорологиялык станциялардын же посттордун сакталышын бузса;
г) болжолдорду берүүнүн тартибин бузса же бурмаласа, же болбосо маалымат булагын көрсөтпөсө, же финансылык пайда табуу максатында маалыматтык гидрометеорологиялык продукцияны жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу үчүнчү жактарга берсе.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 26-мартындагы № 26 (3205) жарыяланды
Президент Кыргызской Республики | С.Жапаров |
2021-жылдын 17-февралында | 17 февраля 2021 года |