Загрузка документа…
ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2021-жылдын 30-марты № 44
2018-жылдын 20-июлунда Баку шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана алардын кайра кайтарып берилишин камсыз кылуудагы кызматташуусу жөнүндө 2005-жылдын 25-ноябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2018-жылдын 20-июлунда Баку шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана алардын кайра кайтарып берилишин камсыз кылуудагы кызматташуусу жөнүндө 2005-жылдын 25-ноябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 2-апрелиндеги N 29-30 (3208-3209) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жапаров |
2021-жылдын 17-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |