Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 24-марты № 42
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 328-статьянын 3-пунктунун үчүнчү абзацында "ыктыярдуу негизде" деген сөздөр алып салынсын;
2) 329-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Күрөө жөнүндө келишимге кыймылдуу мүлктүн кийинки күрөөсүнө тыюу салуучу же чектөөчү жоболорду киргизүүгө жол берилбейт.".
2-берене.
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьяда:
а) жетинчи абзацында "ыктыярдуу" деген сөз алып салынсын;
б) он биринчи абзацында "Күрөө каттоо кеңсеси" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Арыз - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укуктары жөнүндө негизги маалыматты камтуучу, Кыймылдуу мүлккө карата талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталуучу, кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүчү күрөө кармоочунун кагаз же электрондук формадагы кайрылуусу. Арыз кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын күрөө кабарлоосуна тиешелүү жазууну киргизүү үчүн негиз болуп саналат.";
2) 9-статьянын 3-пунктунда "тыюу салууну алып койбостон," деген сөздөр алып салынсын;
3) 11-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Күрөө жөнүндө келишимге кыймылдуу мүлктүн кийинки күрөөсүнө тыюу салуучу же чектөөчү жоболорду киргизүүгө жол берилбейт.";
4) 17-статьянын 3-пунктунда "9" деген цифра "8" деген цифрага алмаштырылсын;
5) 21-статьяда:
а) 1-пунктунун биринчи абзацында "ыктыярдуу негизде" деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-пунктунда "Күрөө каттоо кеңсеси" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-пунктунда:
- 1-пунктчасында "Күрөө каттоо кеңсеси" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктчасынын он экинчи жана жыйырма төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 5-пунктунун экинчи абзацында "Күрөөнү каттоо кеңсеси" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 211-статьяда:
а) 4-пунктунун экинчи абзацында "Күрөө каттоо кеңсесинин" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5 жана 6-пункттарында "Күрөө каттоо кеңсеси" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 79-статьянын 2-пунктунун 3-пунктчасында "Күрөө каттоо кеңсесинде" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) главанын эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ушул Кодекстин 2161-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер юстиция органы тарабынан каралат.";
б) глава төмөнкүдөй мазмундагы 2161-берене менен толукталсын:
"2161-берене. Күрөө жөнүндө мыйзамдарды бузуу
Күрөөнү токтотуу жөнүндө күрөө кабарлоосуна жазууларды өз учурунда киргизбөө -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 29-30 (3208-3209) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 24-марты № 42
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 328-статьянын 3-пунктунун үчүнчү абзацында "ыктыярдуу негизде" деген сөздөр алып салынсын;
2) 329-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Күрөө жөнүндө келишимге кыймылдуу мүлктүн кийинки күрөөсүнө тыюу салуучу же чектөөчү жоболорду киргизүүгө жол берилбейт.".
2-берене.
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьяда:
а) жетинчи абзацында "ыктыярдуу" деген сөз алып салынсын;
б) он биринчи абзацында "Күрөө каттоо кеңсеси" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Арыз - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укуктары жөнүндө негизги маалыматты камтуучу, Кыймылдуу мүлккө карата талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталуучу, кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүчү күрөө кармоочунун кагаз же электрондук формадагы кайрылуусу. Арыз кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын күрөө кабарлоосуна тиешелүү жазууну киргизүү үчүн негиз болуп саналат.";
2) 9-статьянын 3-пунктунда "тыюу салууну алып койбостон," деген сөздөр алып салынсын;
3) 11-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Күрөө жөнүндө келишимге кыймылдуу мүлктүн кийинки күрөөсүнө тыюу салуучу же чектөөчү жоболорду киргизүүгө жол берилбейт.";
4) 17-статьянын 3-пунктунда "9" деген цифра "8" деген цифрага алмаштырылсын;
5) 21-статьяда:
а) 1-пунктунун биринчи абзацында "ыктыярдуу негизде" деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-пунктунда "Күрөө каттоо кеңсеси" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-пунктунда:
- 1-пунктчасында "Күрөө каттоо кеңсеси" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктчасынын он экинчи жана жыйырма төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 5-пунктунун экинчи абзацында "Күрөөнү каттоо кеңсеси" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 211-статьяда:
а) 4-пунктунун экинчи абзацында "Күрөө каттоо кеңсесинин" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5 жана 6-пункттарында "Күрөө каттоо кеңсеси" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 79-статьянын 2-пунктунун 3-пунктчасында "Күрөө каттоо кеңсесинде" деген сөздөр "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)