Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 6-апрели № 48
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
91-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жазык ишине тиркөө үчүн мамлекеттик жана ведомстволук архивдерден документтердин түп нускаларын алууга тыюу салынат. Мындай учурларда ишке тиркөө үчүн мамлекеттик жана ведомстволук архивдер тарабынан архивдик документтердин түп нускаларынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
276-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"276-берене. Архив мыйзамдарынын талаптарын бузуу
1. Иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин бузуу -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Архивдик документтерди түзүү, эсепке алуу, сакталышын же адамдардын аларга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу эрежелерин бузуу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Архивдик документтерди жоготуу, бузуу же мыйзамсыз жок кылуу -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 9-апрелиндеги N 32 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н.Жапаров |
КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ