Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 6-апрели № 49
"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 483-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:
"айыл чарбасынын прогрессивдүү инновациялык технологиялары - илимий изилдөөлөрдүн жана алдыңкы өндүрүштүк тажырыйбанын натыйжаларын пайдалануунун негизинде айыл чарба өндүрүшүнүн жаңы, жакшыртылган уюмун түзүү боюнча ырааттуу жүзөгө ашырылуучу аракеттердин жыйындысы;
жеке тажрыйба - агроөнөржай комплекси системаларынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринен тышкары жарандардын, ишканалардын жана уюмдардын жеке каражаттарынын эсебинен түзүлгөн келишимдерге ылайык айыл чарба кызматтарын көрсөтүү боюнча иштин түрү.";
2) 3-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) агроөнөржай комплексин техникалык жабдуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү;";
3) 5-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) агроөнөржай комплекси системасында жеке тажрыйбаны жүзөгө ашыруу.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Агроөнөржай комплекси системасында жеке тажрыйбаны жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
4) 8-беренеде:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8-берене. Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун техникалык камсыз кылуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү";
б) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун техникалык камсыз кылуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-9-пункттар менен толукталсын:
"5) айыл чарба жана сервистик кооперативдерди, соода-логистикалык борборлорду, мал союу цехтерин өнүктүрүүнүн уюштуруу-башкаруу усулдары;
6) кластердик өндүрүштү, тамчылатып сугаруу системаларын жана күнөскана чарбасын өнүктүрүүнүн технологиялык-өндүрүштүк усулдары;
7) "жашыл экономика" принциптерин жүзөгө ашыруунун экономикалык усулдары;
8) органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнүн, өсүмдүктөрдү коргоонун биологиялык каражаттарын жана биоорганикалык жер семирткичтерди өндүрүүнү колдоонун, айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын түшүмдүүлүгүн сактоонун жана жогорулатуунун экологиялык усулдары;
9) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун, гибриддерин, айыл чарба жаныбарларынын жаңы породаларын, типтерин жана кроссторун чыгаруунун, мал чарбасында маркердик жана геномдук селекцияны жүзөгө ашыруунун селекциялык-генетикалык усулдары.";
5) 9-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 20-пункт менен толукталсын:
"20) өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин системасын өнүктүрүү.";
6) 10-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) агроөнөр жай комплекси системасын техникалык жабдуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү боюнча иш-чаралар;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 32 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |