Редакцияот 06.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2021-жылдын 6-апрели № 50

2019-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгек иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2019-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгек иши жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги германия тарапка көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 32 (3211) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти

С.Н. Жапаров

 

2021-жылдын 24-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган