Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 12-апрели № 52
"Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 165-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 12-статья менен толукталсын:
"12-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин комплектөөнүн, эсепке алуунун, сактоонун жана пайдалануунун, Кыргыз Республикасында документтерди башкаруунун уюштуруу-укуктук жана экономикалык негиздерин белгилейт жана жөнгө салат.";
3) 6-статьянын биринчи бөлүгүндө ", аларды пайдалануу, категориялары боюнча бөлүштүрүү" деген сөздөр алып салынсын;
4) 7-статьянын биринчи бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жазык. жарандык мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 12-статьянын үчүнчү сүйлөмү алып салынсын;
6) 15-статьянын биринчи бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын архив иши боюнча мыйзамдарында" деген сөздөр "ушул Мыйзамдын 27-статьясында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 16-статьянын биринчи бөлүгүндө:
а) биринчи сүйлөмү "коргоо," деген сөздөн кийин "мамлекеттик чек араны кайтаруу," деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи сүйлөмүндө ", жарандык абалдын актыларын каттоонун" деген сөздөр алып салынсын;
8) 17-статьянын үчүнчү бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандык абалдын актыларынын жазуулары жана метрикалык китептер үчүн - 100 жыл, нотариалдык аракеттер жана өздүк курам боюнча документтер үчүн - 75 жыл;";
9) 18-статьянын экинчи бөлүгүнүн үчүнчү сүйлөмү алып салынсын;
10) 19-статьянын төртүнчү бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 20-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген" деген сөздөр "соттук" деген сөзгө алмаштырылсын;
12) 21-статьянын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик архивдердин топтоо булактары - мекемелердин архивдери жана документтерди туруктуу сактоо укугуна ээ ведомстволук архивдер белгиленген тартипте архив документтеринин көлөмү жана сактоо шарттары жөнүндө статистикалык отчет берип турууга милдеттүү.";
13) 27-статьяда:
а) экинчи бөлүгүндө:
- биринчи сүйлөмү "жеке адам" деген сөздөрдөн кийин "жана юридикалык жак" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи сүйлөмү "Жарандардын" деген сөздөн кийин "жана юридикалык жактардын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төртүнчү жана алтынчы бөлүктөрүндө "аскердик," деген сөз алып салынсын;
14) 28-статьяда:
а) экинчи бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
б) үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Архивдик документтерди пайдаланууга берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 күндүн ичинде арыз ээсине билдирилет. Эгерде чечим үчүн атайын текшерүү (экспертиза) жүргүзүү, кошумча материалдарды талап кылуу же болбосо башка чараларды көрүү зарыл болгон учурда, арыз ээсине милдеттүү түрдө маалымдоо менен кайрылууну чечүүнүн мөөнөтү өзгөчө тартипте, бирок 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.";
в) бешинчи бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
15) 34-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жана ведомстволук архивдерди каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын өз каражаттарынын, ошондой эле тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.";
16) 35-статьяда "демөөрчүлүк каражаттын, гранттардын жана акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн түшкөн кирешенин" деген сөздөр "ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 39-статьяда "мыйзамдары менен" деген сөздөр "Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 41-статьянын биринчи бөлүгү "жеке жактар Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жазык" деген сөз менен толукталсын;
19) 42-статьяда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 34 (3213) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 3-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |