Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 23-марты № 41
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 27-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Доогер доо талаптарын азайткан учурда, мурда төлөнгөн мамлекеттик алымдын айырмасы доогерге кайтарылып берилет.";
2) 141-беренеде:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Эгерде ишке катышып жаткан жактар, мамлекеттик алымды төлөө үчүн жетиштүү каражаттары жок экендигин сотко далилдеп беришсе, алар аны төлөөдөн толук бошотулат. Мамлекеттик алымды толук төлөөгө дарамети жетпеген жактар аны жарым-жартылай төлөйт.
Толук жана жарым-жартылай бошотулуучу жактардын категориясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Жарандык талаш-тартыштар боюнча доо арыздарын сотко берүүдөн алынуучу мамлекеттик алымдын өлчөмү чектик өлчөмдөн ашпоого тийиш.
Алынуучу мамлекеттик алымдын чектик өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
108-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Доогер доо талаптарын азайткан учурда, мурда төлөнгөн мамлекеттик алымдын айырмасы доогерге кайтарып берилет.".
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 29-30 (3208-3209) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |