Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 5-марты № 28
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 327-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
21-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 23-пункт менен толукталсын:
"23) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен келишим (макулдашуу, меморандум) түзгөн Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууда.
Мындай мамлекеттик сатып алууларды уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен белгиленет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 18 (3197) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |