Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2021-жылдын 23-апрели № 56

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР  2025-жылдын 23-январындагы № 24   , 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 85 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

 

1-берене.

(КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2-берене.

(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

3-берене.

"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 554-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статьянын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 5-статьянын биринчи бөлүгүнүн төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 9-1-статья күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 15-статьянын биринчи бөлүгүнүн 5-пунктунда "администрациялык" деген сөз алып салынсын;

5) 24-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "администрациялык" деген сөз алып салынсын;

6) 37-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"37-статья. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү контроль жана көзөмөл

Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү контролдун жана көзөмөлдүн түрлөрү Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде аныкталат.".

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 27-апрелиндеги N 37 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2021-жылдын 24-мартында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган