Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 16-апрели № 55
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
2-берене.
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерацияларды юстиция органдарында каттоо (кайра каттоо) жана реестрин жүргүзүү үчүн макулдук берүүнүн тартибин аныктайт.";
2) 8-берененин төртүнчү бөлүгүндөгү "Дене тарбия жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган" деген сөздөр "Дене тарбия жана спорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 23-берененин төртүнчү бөлүгүндөгү "Дене тарбиясын жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик орган" деген сөздөр "дене тарбия жана спорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 35 (3214) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 3-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |