Редакцияот 25.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 25-сентябры № 149

2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фондунун администратору катары чыгуучу) ортосундагы Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фонду жөнүндө Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фондунун администратору катары чыгуучу) ортосундагы Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн Донорлордун көп тараптуу максаттуу фонду жөнүндө Гранттык макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 29-сентябрындагы № 81 (3153) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков

 

2020-жылдын 3-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган